Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Медетов: “Ыдырыс Исаков дагы беш өрдөгүн учурду”

Аскар Медетов: “Ыдырыс Исаков дагы беш өрдөгүн учурду”

12-октябрь, 19:00
1 888 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин доценти менен маек.

-- Аске, “улуттук университет билимкана эмес эле эрмеккана болуп кетиптир” деп эле Ыдырыс YouTube каналында ызылдатып жатат го, буга эмне дейсиң?

-- “Чайкана болуп кетиптир” дебегенине да тобо дейли.

-- Эмнеге?

-- Ыдырыс коомдогу терс көрүнүштөрдү ачып, кемчиликтерди көрсөтүп, чындыкты айтканга аракет кылып жүрөт. Бирок бул жолу анысы оңунан чыккан жок. Себеби, ал университеттин окуу иштери, илим жана башка тармактарын билбегендиктен, жондотуп, үстүртөн айтып жатат.

-- Ыдырыс Исаков “университеттин терезелери чаң экен, гидранттар жок, дааратканасы сасык экен” деп болгонун болгондой эле айтып жатат го? 

-- Ал туура, ага эч кандай деле кусаматыбыз жок. Ыдырыс Исаков университет тууралуу иликтөө кылганы келген окшойт, бирок, фактыларды жыйнабай, талдай албай, жалпылаштырганга шаасы жетпей, жыйынтык чыгара албай жатпайбы. Анан чаң болгон терезелер, электр зымдары, даараткана, пожарный щит сыяктуу майда барат нерселерди эле жакшы билет экен, ошолор тууралуу олуп-чолуп айтып, жалаң кемчилик издеп, бир жактуу чагылдырып келатып эле башка темага кирип кетип, сөзүнүн баш-аягын таппай калыптыр. Ыраатсыз журналист тура.

-- Улуттук университет гүлдөп кеткен жери жок да?..

-- Кемчиликтер бар, аны жашырбайбыз. Журналист ошолорду иликтеп, себептерин ачып, калыс мамиле жасаса болот эле да. Мисалы, акыркы 20 жылда он жолу ректор алмашты. Алардын үчөө эле мыйзамдуу шайланган, калгандары биздин жетесиз президенттердин жердештери, “жарма достору” болчу. Алар жеп-ичкенден, уурдагандан башканы билбеген шылуундар экен. Ошолордун айынан университет эки жатакана, бир окуу имаратын башка мекемелерге тарттырып жиберди, дагы бир жатакана каралбай калып, авариялык абалда турат. Ушундай олуттуу көйгөлөрдүн ажытын аңдабай, журналист Ыдырыс Исаков “тигил жер чаң экен, бул жагы сасып кетиптир” деп эле майдаланып, билимге чукак ОшМУнун бүтүрүүчүсү экенин далилдеп жатпайбы. Деңгээлин көрсөтүп...

-- Ал “улуттук университетте Акүй, Көкүйдөн иштен айдалган, кыскарган аткаминерлер иштейт. Билимкана эмес эле чоңдор эрмектеген “эрмеккана” деп статус бериптир го?

-- Журналист мындай маалыматты кайдан алса да туура эмес, Акүй, Көкүйдөн айдалган канча чоң, кайсы аткаминерлер иштейт экенин, аты-жөнүн билсе уялбай эле атабайбы? “Эрмеккана”, “запасной аэродром” деп айтканга анын таянган фактысы, далили да жок. Ал улуттук университетти жаманатты кылганга атайын жалданып келген окшойт. Болбосо, Кыргызстандын жогорку билим берүү системасында өзгөчө орунду ээлеген, жүз жылга жакын тарыхы бар окуу жайга олуттуу маани бербей “Шарашкиндин конторасы” дегендей ажыкызданган, алаңгазар мамиле болбош керек эле да. 

-- Андай эмеспи?

-- Чала сабат чоңдор, аткаминерлер, депутаттардын университетте лекция окуй ала турган билим деңгээли болсо, Кыргызстан качан эле гүлдөп өнүгүп кетпейт беле? Алар университетте иштей алышпайт, байлап койсо да турушпайт. Окутуучу кайсы предметти окутса, ошол боюнча адис болушу шарт. Ал үчүн үзгүлтүксүз илимий изилдөө иштерин жүргүзөт. Ошон үчүн окутуучу жаны тынбаган илимий чыгармачылык изденүүдө болот. Мындай интеллектуалдык түйшүк аткаминердин, же депутаттын түшүнө да кирбейт. Демек, университет иштен бошогон чоңдор, депутаттар эрмектей турган жер эмес. 

 Университеттин чарба жагында кемчиликтери болсо болгондур, ага жооп бере турган кызматкерлер бар, бирок, билим берүү процессин жогорку деңгээлде жүргүзүп жаткан бүтүндөй профессордук-окутуучулук курамды каралаганга, өмүрүн билим, илимге арнаган аалымдарды чала сабат чоңдорго теңегенге эч кандай негиз жок. Журналистика, тарых, кыргыз тили, кыргыз адабиятынын тарыхы, математика, физика, биология, география, экономика, каржы, менеджмент, маркетинг, юриспруденция боюнча республикабыздын ЖОЖдору үчүн окуу китептери, окуу куралдары негизинен улуттук университеттин илимпоздору тарабынан даярдалат. Демек, илимий-педагогикалык курамы күчтүү. Бул журналисттин окуу стандарты, окуу планы, окуу жүгүнөн кабары жок экенин, каратып туруп эле жалган маалымат таратып, “сабактар, предметтер өзүнөн-өзү эле көбөйө берет” деген сөзүнөн кашкайып көрүнүп турбайбы. 

Улуттук университет – өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын флагманы. Жогорку билимдүү адистерди жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча өлкөбүздүн чоң окуу-илимий борбору. Муну журналисттер билбесе, бүтүндөй коомчулук, атургай алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдө жакшы билишет эмеспи.


 Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер