Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Клара Ажыбекова, философ: “Отунбаева, Кулов, Текебаев жана бейөкмөтчүлөрдүн көпчүлүгү мамлекетке каршы иштешет”

Клара Ажыбекова, философ: “Отунбаева, Кулов, Текебаев жана бейөкмөтчүлөрдүн көпчүлүгү мамлекетке каршы иштешет”

22-июль, 18:35
568 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Клара эже, “31-августта мамлекетке будуң-чаң түшүрүүгө аракеттер жасалган...” деген маалыматка ишенсек болобу? 

-- Чын эле ошондой аракеттер көрүлүп, АКШ даярдап жаткан. Анткени, Борбор Азия Украинадан кийинки кезекте турат. Баам салып карасаңар, Кыргызстандагы ар бир кырдаал дүйнө жүзүндөгү геосаят менен байланыштуу. Азыр Россия менен АКШ, Европа Украинанын территориясында согушуп, Батыш бандерофашизм менен ооруп турган кези. Украинанын башчысын өздөрүнө тартып алышып, бирок жеңилип баратканы үчүн Россияга каршы согушту өзгөртүүгө, Борбор Азияга өткөрүүгө аракеттер бар. Биздин мамлекеттеги ислам экстремисттери менен террористтерди жана бейөкмөтчүлөрдү колдонгусу келип жатат. Ошондой эле Европадагы мигранттарды Борбор Азияга которууну пландоодо. Экинчи Украина кылыш үчүн Борбор Азияга Зеленскийге окшогондор керек!

Кыргызстанда Соростун тамагын ичип келген структуралар өтө эле көп. Анын ичинде Роза Отунбаева жана башка белгилүү адамдардын тобу да бар. Бирок, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев иш жүзүндө Зеленский эмес, алардын буйругуна баш ийбейт! Тескерисинче, мыйзамсыз байыгандарды жоопко тартып, байлыктарын мамлекетке өткөртүшүүдө. Ошон үчүн АКШ менен Европа тынымсыз куралдуу төңкөрүшкө даярданышып, улам кооптуу жагдай жаратуунун аракетин көрүп жатышат. Кыргызстандагы саткындарга мамлекеттин бүтүндүгү эмес, арзыбаган каражат жана кичинекей кызмат маанилүү. Алар акча, мансап үчүн баардык нерсени жасай беришет...

-- Көздөгөндөрү эмне дейсиз?

-- Президенттик кызматка өздөрүнүн кишисин коюу. Мисалы, Армения кайда баратат? Кыргызстан эч жакка качып кутула албасы коркунучта... Ошон үчүн Борбор Азия биримдикти чыңдап, Россия менен бир болушу керек.

-- Бизде талкалоону аткаргандай Батыштын ишенимдүү адамдары барбы?

-- Ооба, Кыргызстанда ишеничтүү өкүлдөрү көп. Ошон үчүн 2010-жылы жалдаган снайперлерине ок аттырышып, өз кишиси Отунбаеваны президент кылышты. 2020-жылы дагы АКШ, Европа Роза Отунбаеваны бийликке алып келгенге чоң аракет жасап, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет аны лидер кылуу үчүн каржылаганын 2020-жылы 5-каналдан айткам. Мага да бул тууралуу анык маалымат келген. Негизи Батыш муну менен эле токтобойт экен. Төңкөрүш кылса дагы өз адамдарын президенттикке алып келгенге аракет жасай берет.

-- Бирок, Роза Отунбаева тышкы мамилени жакшырткан, абийирдүүлүк менен өз кызматын аткарган, эркектер жасай албаган ишти кылып, баарын ынтымакка чакырган айым катары сүрөттөлөт го?

-- Баткендеги эки ирет орун алган согушту, Кемпир-Абад шылтоосун Ош, Жалал-Абаддын элинен сурап көрбөйсүздөрбү? Исабековдун комиссиясынан да маалымат алсаңыздар болот. Фактылардан эч жакка качып кутула алышпайт. Отунбаеванын күнөөсү толтура. Анын 2010-жылы түштүк окуясы боюнча да жоопкерчилиги чоң. 

-- Айрымдар Отунбаева эмес, Атамбаевдин кайрадан президент болорун айтып жатышат го?

-- Атамбаев бийлик талашпай, буларга жардам бергени оң. Менимче, анын кайра бийликке келүү амбициясы деле жок го. Атамбаевдин Россия менен мамилеси жакшы, ошон үчүн ага АКШ ставка жасабайт. Аны жөн эле бирөөлөр максатына жетиш үчүн “акча салсаң президент болосуң” деп алдап жатышса керек. Чынында абалды курчутуш үчүн Атамбаевди ЦРУнун агенттери түрмөгө отургузушкан.

-- Азыркы бийликке деле ичи жылыбагандар чыгып жатат го? 

-- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев эл үчүн тырышып иштешүүдө. Көп жакшы демилгелер башталды. Буларга жардам бериш керек. Менимче, Атамбаевдин көз карашы бул экөөнө жаман эмес. А беркилердин баары бул кишинин душмандары. Ал Розочканы “самозванка”, Куловду “деревянный генерал, колунан эч нерсе келбейт” деген. Ал эми Текебаевди каматкан. Булар ЦРУшниктер. Ойлору эч качан тазарбайт. Кыргызстан үчүн иштешпейт дагы. Эгерде мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошчу болсо, ЦРУ өлтүртүп коёбу? Ошон үчүн буларда артка жол жок. Бейөкмөтчүлөрдүн көпчүлүгү да ушул үч саясатчыдай эле мамлекетке каршы иштешет.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер