Ош ШИИБ начальниги Марлис Асанов орун басарлары менен кетиши керек

“Ала кушту атынан ата” дейт. Анын сыңарындай, кеп маңызын чыгаралы. Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИБни жетектеп турганда үч кызматкери камалып, кызматтан алынган. Моралдык, мыйзамдык жагы туура бааланып, ИИМ адилеттүү чечимге барган эле.
Эмесе, дал ушуга үндөш маселеге токтололу. Ош ШИИБнин өзгөчө оор кылмыштарга каршы бөлүмүнүн төрт опери УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан пара алуу кылмышына айыпталышып, бирөө кармалып, үчөө качып кетип атпайбы. Тирукмуш эй! Алты эргул бир кызды зордукташып, анан айыптары ачылганда береги төрт милиция 600 миң сом алууга сүйлөшүп, 100 миңин кымырып атканда колго түшүп калышты го? Резонанс жаралды. Бул боюнча аталган бөлүмдүн башчысы өз арызы менен кетиптир. А башка жетекчилердин жоопкерчиликтери каралбайбы?
Мисалы, Ош ШИИБ начальниги Марлис Асанов орун басарлары менен кызматынан алынышы керек эле. Эмне үчүн кетпей отурушат? Креслого жармаша бербей, өз арыздары менен баса беришсе жигиттик кылышмак. Калетсиз кеп бекен? Башкаларга сабак, үлгү болушу керек да. Натыйжада, ИИМ калыс баа берип, Марлис Асанов баш болгон Ош ШИИБ жетекчилерин кызматтан аларын күтө туралы.