Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Пенсия, пособиелерди көбөйтүүнүн бир гана жолу – экономиканы көтөрүү керек”
-- Гүлшаркан Оконовна, бүгүн соцфонддун бюджети каралып жатканда, азыр эң аз пенсия 6900 сом экени айтылды. Кандай дейсиз, бир айга жашаганга жетеби?
-- Бул жерден “жашоо минимуму кандай формула менен эсептелип жатат?” деген суроо туулат. Себеби, абал күн сайын өзгөрөт да. Жашоо минимуму деген жалгыз эле сенин тамагың эмес. Ошондуктан, кара курсакты эле кошпостон, аны эсептөө принциби башкачараак каралса. Кечээ эл аралык уюмдар менен “тегерек үстөл” болуп өттү. Мен ошол жерде да айттым. Квалификациясы жок эмгекчилерди “майда тейлөөчү, персонал” деп коёт, мисалы, бала баккандар, пол жуугандар. Булардын кылган эмгеги ат көтөргүс. Биздин турмушубузга эң керектүү эмгекти кылып атышса, биз “квалификациясы жок” деп жашоо минимумуна теңеп коюп жатабыз. Мага бир эже келип ыйлады. “Мен иштей албайм, эртеден кечке чейинки убактым майып баламды кароо менен өтөт. Бул үчүн мамлекет мага болгону 7 миң сом акча төлөп берет” дейт. Ошондуктан, бүтүндөй Эмгек кодексин алмаштырып, же өзүнчө тариф менен эсептөө зарыл. Мисалы, Америкада эмгекке саатына карап төлөнөт. Аларда мыйзам менен белгиленген, саатына 30 доллардан кем төлөнбөшү керек. Ошондуктан, бул боюнча мыйзам долбоорун демилегелесемби (?) деген оюм бар. Ал канчалык деңгээлде ишке ашарын убакыт көрсөтөт.
-- Эмки жылга пенсияларды 7 пайызга көбөйтүү пландаштырылып жатыптыр. Эгер пенсионер 10 миң сом алса, ага 700 сом кошулат экен. Бул аз эмеспи?
-- Албетте, 10 пайыз көбөйтсө деле жетпейт. Биздин бюджеттин чыгашасы боюнча эсептегенде аябай эле көп акча бөлүнүп атат. Ал эми ар бир адамга бөлө келгенде аз. Бирок, андан көбөйткөндө бюджет көтөрө албайт, башка да чыгымдарабыз бар. Ошондуктан, мындай абалдан чыгуунун бир гана жолу –экономиканы көтөрүү керек. Мисалы, электр тармагында өзүбүздүн керектөөнү толук жаап, сыртка сата баштасак абдан чоң каражат түшөт эле.
"Азия Ньюс" гезити