Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Икрамжан Илмияновдун өзүнө жана туугандарына катталган мүлкү. Тизме

Икрамжан Илмияновдун өзүнө жана туугандарына катталган мүлкү. Тизме

30-октябрь, 17:24
681 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, Октябрь райондук сотунда Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук териштирүү болуп, аны 7 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялады жана 160 миң сом айып салды.

Икрамжан Илмияновдун өзүнө жана жакындарына, үй-бүлөсүнө тиешелүү конфискациялана турган мүлктөрдүн тизмеси төмөнкүлөр:

1956-жылы туулган Сатар Илмиянов —Икрамжан Илмияновдун атасынын атына жазылган:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылында жайгашкан турак үй;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылына жайгашкан жер тилкеси;
  • Лейлек районундагы ошол эле айылда жайгашкан сугат жер;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылына жайгашкан кайрак айдоо үлүшү;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөрү;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылында жайгашкан жер тилкеси;

1956-жылы туулган Урулкан Илмиянова — Икрамжан Илмияновдун апасынын атына жазылган:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр;

1986-жылы туулган Искендер Илмияновго таандык:

  • Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан турак үй;

1977-жылы туулган Айсулуу Илмияновага таандык:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөрү;

1981-жылы туулган Раимжан Илмияновго таандык:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы айыл-чарба тармагына багытталган жер тилкеси;

Икрамжан Илмияновдун камакка алынган мүлктөрү:

  • Бишкектин четиндеги Ак-Өргө конушундагы жер аянты;
  • Бишкектин Артезиан көчөсүндөгү үй;
  • Бишкек шаарындагы Баба-Ата көчөсүндөгү «Аброр» чайханасы
  • 2007-жылы чыккан Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунаасы;
  • Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Шопоков көчөсүндөгү жер тилке,
  • Чүй облусундагы картон заводу

1983-жылы туулган Айбарчын Илмияновагажазылган:

  • Сокулук районундагы ири көлөмдөгү үч сугат айдоо аянты.

1988-жылы туулган Зулкайнар Илмияновго таандык

  • Сокулуктагы сугат жери;
  • Ак-Өргө конушундагы жер тилкеси.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 2018-жылы 18-октябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер