Токол болуп жашап, бир күйөөнү талашканыбыз да кызыктуу...
Жолдошума экинчи аял болуп тийгениме жарым жылдан ашты. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Боюмда бар. Жакында эле атаандашым – “күнүлөш” деп коет экен. Ал билип калып, чатак чыгарып жатып тынчыды. Күйөөмдү мага келтирбей коюу үчүн аракет кыла берет. Бирок, Эдил (аты өзгөрдү) эки күн менде, бир күн балдарын көргөнү кетет. “Биринчи аялы менен жатпайт...” деп ишенем. Мен да көп ойлонуп, күйөөмө ар кандай фантазияларды тартуулап, өзгөчө төшөктөн көңүлүн көтөрүп, өзүмө тартып алууга аракет жасайм. Ушундай жашоо. Дайыма тынчсыздана берем. “Эрик меники гана болсо” деп ойлоном. Аны эч кимге бергим келбейт, кучагымда жатса ушундай чексиз бактылуумун... Эми сөз менен жеткизе албайм. Ажырагым келбейт. Биринчи аялынан үч баласы бар, ошого гана сары санаа тартам. Алар менен үйүбүз деле жакын. Биз бир күйөөнү талашып жашайбыз. Бул дагы түйшүк экен, бир чети кызыктуу...
Перизат, 26 жашта
Aryba.kg