Акыркы кабарлар
14:12
» Коом » Начальник Тилек Тюкебаевдин айынан “Мадина” базары көчпөй калдыбы?
Начальник Тилек Тюкебаевдин айынан “Мадина” базары көчпөй калдыбы?
05-август, 00:31


Чечмелейли. “Мадина” базарына байланыштуу нааразычылык акциясын алдына алып, соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен абалды жайгарса болмок экен. Бирок милиция иштебей койгонбу? Свердлов РИИБ начальниги Тилек Тюкебаевдин көңүл кош мамилесинен улам ишкерлер мэриянын жаңы базарга көчүрүү планын бузуп, өздөрүнүн ультиматуму менен эски орундарында калышты го? Ачык айтканда Айбек Жунушалиевди каакым ордуна көрүшкөн жок. Эми кайра маселе көтөрүлсө, алар дагы митингге чыгышабы? Ошондо Тилек Тюкебаев “өрт өчүргүч” катары түштөн кийин алаңдап чыкса... Кызык. Негизи кыраакы жетекчи коомдогу кубулуштарга алдыртан байкоо салып, ошого жараша кыймылдайт... Туй ата, кайран сөз, сууну да сиңген жерге куюш керек эмеспи.











