Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орозбек Молдалиев: «Азыркы муфтий ханафий мазхабынын тартиби боюнча көптү билет, абдан билимдүү»

Орозбек Молдалиев: «Азыркы муфтий ханафий мазхабынын тартиби боюнча көптү билет, абдан билимдүү»

29-октябрь, 17:30
459 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

  КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы директору менен маек.

-- Ислам днине киргендердин көбөйүп баратканы кооптонууну жаратабы?

-- Бизде ислам динине киргендердин саны чынында өстү, айрыкча жаштар арасында арбын. Дин, ислам деген ушул экен деп эле исламды туура түшүнбөгөн кишилердин үгүтү менен кирип алгандар да бар. Исламдын  багыттары көп. Бирок биз, бүтүндөй Борбор Азия  илгертеден бери ханафий мазхабынын матуриди акыйдасы менен жашаганбыз. Бул абдан толеранттуу, бирөөлөргө зордук-зомбулук кылбаган, ийкемдүү, жергиликтүү салт-санааны эске алып түзүлгөн мазхаб. Ошон үчүн бизде диний негизде конфликт болгон эмес. Ушул мазхабга келтирели деген аракеттер болуп, 2016-жылы диний концепция кабыл алынган. Ишке ашырууга келгенде буга көмөк бере турган молдолордун аз экени билинген. Намаз окуганды, нике кыйганды, жаназа окуганды үстүртөн билип, ушуну менен болду деп түшүнгөндөрү да жок эмес эле. Ошондуктан кадрларды даярдоо институту ачылган. Азыр «Ыйман Нуру» деген партия түзүп, парламенттик шайлоого катышууга чамынып жүргөн Нуржигит Кадырбеков ошол фонддун жетекчиси болчу. Ал жакка келген каржыларды башка нукка буруп жиберишкен. Эми «алар шайлоого даярдык болчу, азыр анын үзүрүн көрөм» деп жатпайбы. Биз ошондо катуу нааразы болгонбуз. Себеби, биздеги диний реформаларга Түркия көп акча бөлүп берген, «каражаттардан молдолорго стипендия беребиз» деген таризде бөлөк жакка буруп кетип калышкан. Ошондуктан динди туура түшүндүрүп, ханафий мазхабын жайылтып, ал аркылуу жаштарга туура билим берилиши кажет. Медреселердин деле абалы көңүл жылытарлык эмес. Түркия берген акчалар максаттуу жумшалган эмес. Ушул себептеп азыркы жазылган диний концепцияны окуган жокмун. Концепция кагазда эле калат экен.

-- Ашынган диний фанаттарды кантип жолго салыш керек, тартипке келтирүүгө болобу?

-- Андай адамдарды тартипке келтирүүгө болот. Туура, ханафий мазхабынын матуриди акыйдасы менен окутуп, тарбиялоо зарыл. Бул экстремизмге жат диний мазхаб. Ислам мамлекети курулду, эми  халифат курабыз дегенде, бизден 1000ге чукул адамдар кетип калып, кайра келе албай жүрүшөт. Аялдар, кыз-келиндер да бар. Азыркы келген муфтий ханафий мазхабынын тартиби боюнча көптү билет, абдан билимдүү. Болгону жакшы команда топтоп алышы керек. Ага шарт түзүп, жардам берүү зарыл.  

-- Билим берүүдө, мектептерде дин боюнча сааттарды киргизүү азыркы учурда туура эле болобу?

-- Бишкектин мектептеринде пилоттук негизде «диндердин тарыхы жана маданияты» деген сабактар киргизилип баштаган. Ушуну аягына чыгарсак, балдар үчүн ошол деле жетиштүү болот деп ойлойм. Себеби, ошол сабакты бергенге да мугалимдер жок кыйналганбыз. Азыр «массалык түрдө бул сабак кирип калса, аны кимдер окутат?» деген маселе келип чыгат. Биз эгемендүү мамлекет болгондон кийин ыйман сабактары киргизилген, анда ар ким келип эле балдарды өздөрүнүн түшүнүгүндө окутуп баштаган. Буга абдан кылдаттык менен мамиле кылыш керек. 2015-жылы диний билим берүү мекемелерин аттестация кылганыбызда Жалал-Абаддагы медреселердин биринде мугалим болуп эмгектенген аял баласы Сирияда каза болгону үчүн «балам жихадга катышып, каза болду, эми ал бейишке чыгат» деп той берген. Мына ушундай адамдар сабак берип калышы мүмкүн. Бул жакта башаламандык көп. Андыктан массалык түрдө окутуш үчүн алгач кадрларды даярдаш керек. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер