Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Кимдир бирөөнү иштен алып коюу менен маселе чечилбейт”


-- Кундузбек Кошалиевич, Майлуу-Суудагы абал боюнча эмне айта аласыз?
-- Кечээ биз комитеттен уктук. Азыр болгон аракеттер жасалууда. Учурда суудан гана маселе бар, насос менен сордуруу керек болууда.
-- Бүгүн кеңешмеде кесиптештериңиз шаарда муздук суу, жылуулук жок деп айтышты го?
-- Бүгүн чечилет ал меселе. Бүгүн бүт баары ошол жакка чечкени кетишти.
-- 30 миң калк жашаган шаарда ушундай кырдаал түзүлүшүнө эмне себеп болуптур?
-- Кечээ күнү бизге жеткен маалымат боюнча, суудан утечка болгон. Ошону убагында жамай албай калышып... Азыр сууктан электрге өтө эле чоң күч болуп атпайбы. Жалпы мамлекетте ушундай акыбал. Себебин билесиңер да, жабдуулардын баары эскирген. Маселе көп бул жерде. Убагында барып жетише албай жатышат. Кудай буюрса, бүгүн бүтүш керек.
-- Кандай дейсиз, ушундай кырдаал түзүлгөндөн кийин жетекчилерге кандайдыр бир чара көрүлүшү керекпи?
-- Кимдир бирөөнү иштен алып коюу менен маселе чечилбейт да. Алар көзү ачык болуп көрүп турса, анда башка маселе. Бул деген техника да. Ал “азыр бузулам” деп айтпайт. Ал иштеп аткан техника болчу. “Мен эртең сынып калам” деп айтса, анда даярдык көрөт элек. Маселе ошондо болуп атпайбы. Бузулган нерсени оңдоо – бул башка маселе.










