“Коррупционерлерден акча алышып, бошотуп жатышат” деген пикир калыптанууда...

Аз убакыт мурда эле “Коррупция” беренеси сыяктуу оор кылмыштар менен кармалгандар чекесинен эркиндикке чыга башташты. Маселен, Насирбек Алмаматов, Адамкул Жунусов жана Егор Скобеев ж.б. Карапайым адамдардын балдары болор-болбос кылмыш иштери менен узак жылдар түрмөдө отурушса, олигарх-чиновниктер жыл айланбай бошоп кетишет. Мына “адилеттүүлүк”!
Мамлекеттик каттоонун чиновниги Алмаматов уюшкан коррупциялык иштер менен кармалып, 12,5 жылга эркинен ажыратылган. Бул эргулду түрмөдөн чыгарып ийишип, анан кайра издөө жарыялашты. Бажы кызматынын экс-төрагасы Жунусовду чоң пиар менен кармашып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян кылганын шардана кылышат да, кайра кутултуп ийишет. Скобеев да коррупция, мыйзамсыз таратылган куралдарга шектелип, абакка алынган. Ал дагы бүгүн эркиндикке чыкты! (Курал таратууда Алмазбек Атамбаевге, Өмүрбек Бабановго, Зарылбек Рысалиевге каршы көрсөтмө берип, тергөө менен кызматташканы айтылууда.)
Мындай фактыларды санай берсек толтура, тизме узун... Элдин маанайы бузула баштады. “Коррупционерлерден акча алышып, бошотуп жатышат” деген пикир калыптанып атканын кайда жашырабыз? Мамлекеттүүлүк сакталабы, же кандай? Мындай жүрүш улана берсе, аягы жакшылыкка алып барбайт го...
Aryba.kg