Күйөөсүн арматура менен башка чаап өлтүргөн аял кармалды
19-ноябрда Ош шаарындагы батирлердин биринен 46 жаштагы күйөөсүн арматура менен башка чаап өлтүрүүгө шектелген аялы, 20-ноябрда күйөөсүн акыркы сапарга узатып, боз үйдө кара жамынып отурган жеринен кармалды.
Окуя 19-ноябрь күнү болжол менен саат 23:30дар чамасында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн батиринде болгон.
Аялы ошол кунү кечинде күйөөсү үйүнө келип, бут кийимин чечип жаткан учурда аны арматура менен башка үч ирет чапкан. Эстен танып, жыгылып калган күйөөсүн өлтүрүп алганын сезип, күнөөсүн жашыруу максатында кошунасын чакырып, "сырттан ушундай абалда жараат алып келип жатып калды" деп айткан. Ошол замат “тез жардам” чакырылып, эс-учун жоготкон күйөөсү шаардык ооруканада өзүнө келбей каза болгон.
20-ноябрь күнү шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери шектүү келинди Алай районунда күйөөсүн акыркы сапарга узатып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн.
Укук коргоо органдарына кармалган аялы, күйөөсүн арматура менен башка чапкандыгын моюнуна алып, көрсөтмө берген.
Көрсө, маркум менен жубайы буга чейин пикир келишпестиктен улам чырдашып келишкен.
Маркум Ош шаарында коомдук маршруттук такси айдап жан багып келген. Жубайлардын ортосунда эки кыз бар. Ал эми маркумдун биринчи никесинен да эки баласы болгон.
Aryba.kg