Алмаз Кадыралиев: “Биз эл аралык деңгээлде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кадам таштадык”
-- Алмаз иним, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен экономика багыты боюнча эң жогорку көрсөткүчү менен айырмаланган окуу жай катары КЭУнун кандай сырлары бар?
-- Ийгиликтин жалгыз формуласы – мезгилдин талабынан артта калбай иш алып баруу болуп эсептелет.
-- Сөзүңө аралжы, жакында өткөн “Expo Eurasian-2022” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында ири конференция өзүң жетектеген окуу жайда өткөрүлүп, бир топ алгылыктуу келишимдерге кол коюлду. Кептин нугун ушул тарапка бурсак...
-- Туура айтасыз, акыркы учурда ЕвразЭК биримдигине кирген жогорку кесиптик окуу жайлардын ректорлорунун форуму 2022-жылдын 25-майында биздин окуу жайда өттү, ал эми 23-июнда “Eurasian Education Day” эл аралык форумунун алкагында “Евразия мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин негизги парадигмасы катары эл аралык бизнес жана билим берүү системаларынын өз ара аракеттенүүсү” аталышындагы “тегерек үстөл” болуп, бул иш-чарада Италиядан, Кытайдан, Россиядан жана учурунда өзүм билим алып келген Чехия мамлекетинен келген өкүлдөр, ЖОЖдордун ректорлору жана Кыргызстандын билим берүү тармагындагы эксперттер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган темадагы баяндамаларды жасашты. Ошол эле күнү КЭУда “Университеттер – бизнес, билим берүү жана дипломатияны тартуунун жаңы эл аралык борборлору” аттуу чоң масштабдагы илимий-практикалык конференция өттү. Натыйжада, көптөгөн эл аралык деңгээлдеги меморандум, келишимдерге эки тараптуу колдор коюлду.
Атап айтсак, Чехия–Орто Азия соода өнөр жай палатасы, Кыргыз экономикалык университети, “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги жана Россиядан келген ассоциациялар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол койдук. Ошол келишимдин алкагында биздин студенттерге Чехиянын жогорку окуу жайларына барып окуп, тажрыйба топтоп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эки өлкө ортосунда түзүлө турган борбор жалпы Орто Азия үчүн иштейт. Анда студенттер чет тилин, анын ичинде чех тилин үйрөнүшөт. Анткени студенттер ал жакка барганда стипендия алып, бекер окушат.
-- Мындай иш-чаралардын жыйынтыгы эмнеге алып келет?
-- Ааламдашуу дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде ЖОЖдор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кандайдыр бир атаандаштыкка түрткү берет. Жыйынтыгында, Чехия–Орто Азия соода өнөр жай палатасы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда окуу борбору түзүлө тургандыгын айткым келет.
-- Демек, кыргызстандык студенттердин мүмкүнчүлүгү кеңейет турбайбы? Мындан сырткары, дагы бир маанилүү кабар: М.Рыскулбеков атындагы КЭУ 2021-жылы продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн “КМШ сыйлыгын изденип алуу” атындагы сынагынын дипломанты болду. Бул Кыргызстандын тарыхында билим берүү чөйрөсүндөгү биринчи жаңылык десек жаңылышпайбыз. Ушул тууралуу да айта кетчи?
-- Бул сыйлык – жалпы өлкө үчүн сыймык десек болот. КМШ Экономикалык кеңешинин “Продукциянын жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн 2021-жылдагы КМШ сыйлыгын ыйгаруу жөнүндөгү” чечимине ылайык, конкурстун лауреаттары жана дипломанттары аныкталды. Биздин окуу жай продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн 2021-жылы “КМШ сыйлыгын изденип алуу” конкурсунун "250 адамга чейин иштегендердин кызматтары" номинациясынын дипломанты болуп калды. КМШ Экономикалык кеңешинин чечими 2022-жылдын 18-мартынан тартып кабыл алынган.
Бир кызыгы, сыйлыкты издөө конкурсунун лауреаттары жана дипломанттары сыйлык берилгенден кийин үч жылдын ичинде сыйлык эмблемасын жарнамалык максаттарда пайдалануу укугуна ээ болушат.
-- Угушумда, баяндооңдон улам Кыргызстандын жогорку кесиптик билим берүү системасында абдан чоң ийгиликтерди жаратыпсыңар. Мындай масштабдуу ийгиликтерди башка жогорку окуу жайлардан уккан эмеспиз. БУУ менен да иш алып барган жагдайлар бар эле, ушул багытта эмне жаңылыктар?
-- Биздин окуу жай илимий-изилдөө борборлору, эл аралык мекемелер ж.б. менен иш алып барат. Алсак, КЭУ Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП), климаттын өзгөрүшү боюнча программасынын алкагында, атап айтканда, энергетика жана транспорт жаатындагы чыгымдарды талдоо маселелери боюнча илимий изилдөө жүргүзүп жаткан Кыргызстандагы жалгыз алдыңкы ЖОЖ. Мындан тышкары, университеттин базасында БУУ ЕЭКтин долбоорунун алкагында Борбор Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча компетенциялардын жалгыз борбору түзүлгөн.
-- Соңку суроом болсун, деги эле акыркы жетишкендиктер тууралуу эки ооз токтоло кетчи?..
-- Университеттин “Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги” НААР (Нур-Султан шаары, Казакстан) баардык билим берүү программалары боюнча эл аралык аккредитация күбөлүгү бар. Мындан тышкары, КЭУнун бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча бакалавр программасы ACCA (Association of Chartered Certified Accountants) тарабынан аккредитацияланган. Бул студенттерге кесиптик сертификат алуу үчүн биринчи деңгээлдеги экзамендерди тапшыруу (бошотуу) мүмкүнчүлүгүн берет.
КЭУнун башкы максаттары жана милдеттери болуп өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги өзгөрүүлөрдүн духуна ылайык келген жогорку жана орто кесиптик экономикалык билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун жогорку деңгээлине жетишүү, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Европа Экономикалык Бирлигинин жарандарына билим берүү кызматтарын көрсөтүү болуп саналат. Биз “Инновациялык экономика үчүн чыгармачыл кадрлар” аттуу девиздин негизинде иш алып барабыз. Ошондуктан азыр бакалавр программасын толук англис тилинде да окутабыз.
Кыргыз экономикалык университети негизделгенден бери 60 жылдан ашык убакыт өттү. Бул убакыттын ичинде биздин университет өзүнүн даңктуу каада-салттары жана тарыхы менен сыймыктанган абройлуу билим берүү борборуна айланды. Ошол эле учурда биздин университет билим берүү комплекси гана эмес, илимий мекеме да болуп эсептелет. Университет фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, биздин мамлекеттин жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы илимий-изилдөө структуралары менен байланыштарды диверсификациялоого, илимий жетишкендиктерди практикага киргизүүгө олуттуу көңүл бурат.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити