Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

30-октябрь, 17:13
951 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн сандарда)

Тамерлан жөнүндө уламыштар

Суу астында жоголгон имараттар жана П.П.Семенов-Тянь-Шанский туурасында жергиликтүү тургундардан укканым боюнча, 1857-жылы Түп менен Жыргалаң дарыяларынын ооз жагындагы коктуну кыдырып, легендарлуу Чигу шаарынын суу астындагы имараттары тургузулган кирпичтерин толкундар жээкке чыгарып койгонун көргөн. П.П.Семенов бул фактыны тарыхый далилдер менен салыштырып, орто кылымдагы авторлор айткандай, бул жерде Темир Тимур өзүнүн тектүү туткундарын кармаган арал болгонун болжолдойт. Анын пикири боюнча чеп XIV жана XV кылымдарга туура келет, бирок кийин XVI кылымда суу астына чөгүп, жоголуп кеткен.  

Монгол хандарынын бири үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн Ысык-Көлдүн ортосундагы аралга, Кой-Суу аймагына чеп куруп, ошол жерге байырлап жүргөндүгү тууралуу далилдер бар.

Орто кылымдын мусулман тарыхчылары Араб Шах менен Мырза Хайдар да суу астындагы сепилдерди эскеришкен. Алардын маалыматы италиялык картадагы маалыматтарды кайталайт. 1375-жылдагы каталон картасында П.П.Семенов XIX кылымдын 50-жылдарынын башында Венецияга болгон сапарында Ысык-Көлдө ушундай аталыштагы шаар белгиленип, ал жерде ыйык Матфейдин, Апостолдун жана Евангелистанын сөөктөрү кармалган «Армян бир туугандар» православдык монастырь бар экени белгиленгенин көргөн. 

Улуу Темирлан жылнаама боюнча Ысык-Көлдүн жээгине үч жолу барган. Кезектеги жортуулга чыгар алдында Темирлан ар бир жоокерге бирден таш алып, аларды бир жерге ыргытууну буюрган. Жүрүштөн кайтып келе жатып Темирлан калган аскерлерге биринчи үйүлгөн таштан алып, жанына, экинчи үймөккө коюуну буюрат. Экинчи үймөк биринчисинен алда канча кичирээк болуп калганына капаланат. Ал эми үйүлгөн таштар жана “Санташ” деген (“эсеп таштары”) аты калып калган – Ысык-Көлдүн бир аз чыгыш тарабындагы ашуу ушундайча чечмеленет. 

Уламыштардын биринде Темирлан Алтын Арашан капчыгайындагы ысык булактарда дарыланып, анын майып бутунун оорусунан арылгандыгы айтылат.

Жергиликтүү аксакалдар Чыңгызхандын сөөгү Ысык-Көлгө коюлганын боолголоп келишет. 1227-жылы улуу жеңүүчү тангуттардын борборун курчоого алуу учурунда оор жаракат алганда, анын уулдары атасынын сөөгү Ордостого (Монголия) коюлду кылышат, бирок чындыгында аны тымызын Ысык-Көлгө жөнөтүшкөн. Ошол кездеги бул жерлердин башчысы, Чыңгызхандын сүйүктүү уулу Чагатайдын жетекчилиги астында, тоо арчасынан чоң табыт жасап, маркумдун сөөгүн казынасы менен кошо коюп, суунун түбүнө түшүрүшкөн. Калган баалуу буюмдары үңкүргө катылып, жанындагы дарыяны буруп, аны толугу менен суу астына калтырышат. Көмүүгө катышкан баардык катардагы жоокерлердин баштары кесилип, андан Ысык-Көлдүн жээгине дөбө жасалган. Ошондуктан, улуу жоокердин жана анын казынасынын көмүлүшүнүн сыры бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.


Биринчи саякатчы П.П.Семенов

ХIХ кылымда орус окумуштуулары тарабынан Ысык-Көлгө жана анын айланасындагы тоолорго изилдөөлөр башталган. Буга П.П.Семенов-Тянь-Шанский, Н.М.Пржевальский, Н.Северцов, А.П.Федченко, И.В.Мушкетов, В.В.Радлов, В.В.Бартольд сыяктуу жана башка орус илиминин көрүнүктүү өкүлдөрү эбегейсиз салымдарын кошушкан эле. 

П.П.Семенов Ысык-Көлгө келип, аны изилдеп, эң бийик тоо – Хан-Теңириге барган биринчи орус окумуштуусу болгон. 1856-жылдагы экспедицияда топтолгон Ысык-Көл облусу жөнүндөгү ишенимдүү маалыматтар, атамекендик жана дүйнөлүк география илимдеринде жазылуу. Анын эмгегинин урматына Балыкчы шаарынын кире беришине эстелик тургузулган.


Н.М.Прежевальский Ысык-Көлдө

Николай Михайлович Пржевальский ХIX кылымдын көрүнүктүү саякатчыларынын бири. Ал Кыргызстандагы изилдөөлөр менен атайын алектенген эмес, бирок, анын Орто Азияга карата кыска мөөнөттүү саякаттары, Чүй өрөөнүнө, Ысык-Көлгө жасаган сапарлары чөлкөмдүн табигый илимий изилдөөсүнө көрүнүктүү из калтырган.

Буга Кыргызстандын түндүк бөлүгүнүн жаратылышы, калкы жөнүндөгү экспедиция күндөлүгүндөгү талаа жазуулары, ботаникалык-зоологиялык жана башка баалуу материалдар далил болот.

Н.М.Пржевальскийдин өзүнүн керээзи менен Ысык-Көлдүн жээгине коюлган мүрзөсүндөгү таасирдүү эстеликтер, анын Орто Азиянын жаратылышын таануудагы кызматын баалагандыктын далили сыңарындай кала берет. Белгилүү орус саякатчысы бул жерлерде жүргөнүндө койчуларга койлорун кырып жаткан бүркүттү өлтүрүүгө жардам бергени тууралуу уламыш бар. Мунун урматына, кыргыздар анын мүрзөсүнө бүркүттүн эстелигин коюшкан, ал тынчтыктын жана бакубаттуулуктун символу болгон зайтун бутагын тиштеп турат. 


Керемет таштардын талаасы

Ысык-Көл жергеси байыркы мифтер, уламыштар менен эле бай эмес. Буга Чолпон-Ата шаарынын курорттук аймагындагы 42 гектар жерди ээлеген ачык асман алдындагы музей айкын мисал боло алат.

Ал жердин экспонаттары 900гө чукул петроглифтерден турат, граниттин бетиндеги сүрөттөр ошол учурдагы бул жерлерди байырлаган элдердин колу менен тартылган. Байыркы сүрөт искусствосунун доору болжолу менен үч миң жылга жакын.

Ысык-Көл облусунун чыгышында, Кытай жана Казакстан менен чектеш жерде бир катар уникалдуу укмуштуудай кооз жерлер бар, бирок ал жактарга жетүү кыйын. 


Эңилчек мөңгүсү жана Мерцбахер көлү

Эңилчек дарыясынын жогорку агымында, Тянь-Шандагы эң чоң мөңгүлөрдүн бири болгон Эңилчек мөңгүсү жайгашкан. Анын узундугу 60,5 чакырымга созулуп, жалпы аянты 657 чарчы чакырымдан ашат. Муз гиганты таза суунун эбегейсиз запастарын сактайт.

Эңилчек мөңгүсүнүн эки чоң жеңинин ортосунда өлгөн муздун (мөңгүнүн азыктануу аймагы менен байланышын үзүп, кыймылын токтоткон бөлүктөрү) аянты бар, анын үстүндө Жогорку көлү же Мерцбахер көлү жатат. Бул тоо көлү 1902-жылы биринчилерден болуп ачкан немис изилдөөчүсү жана саякатчысы Готфрид Мерцбахердин ысымын алып жүрөт.

Көл 3300 метр бийиктикте жайгашып, 4,5 км² аянтты ээлейт. Ал эки бассейнден турат жана тереңдиги 75 метрге чейин жетет. Көлдүн кызыктай бир өзгөчөлүгү бар: жыл сайын жайдын ортосунда ал капысынан жок болуп, мөңгүлөр эригенде 2-3 күндөн кийин кайра калыбына келет экен

Тянь-Шань деген аталыш кытай тилинен которгондо “асман” же “кудай тоолору” дегенди билдирет. Тянь-Шань бийиктиги алты миң метрден жана жети миң метрден ашкан отузга жакын чокулардан турат. Тянь-Шандын эң бийик тоосу – Какшаал-Тоона тоо кыркаларында жайгашкан 7439 метр бийиктиктеги Жеңиш чокусунун асман мелжиген кооздугу өзгөчө...

Түрк тилинин “теңгритаг” деген сөзү “тенгри” дегенден келип чыккан, ал “асман” дегенди билдирет, “таг” сөзү “тоо” дегенди туюндурат. Түпкү чечмелөөсү ушундай. Түштүктөн, Кыргызстан тарабынан ал үзгүлтүксүз пирамидалык формага ээ, а түндүктө үч километрдик дубал менен аяктайт. 


(Уландысы кийинки санда)  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер