Коомчулуктун күтүүсү: Райым Матраимов парламенттик шайлоого аттанабы?
Өткөн жылдагы карантин күндөрү, дээрлик пандемиянын оор шартында бир канча ай Райым Матраимов жалпы өлкө боюнча кыйналган элге гуманитардык жардамдарды жөнөтүп, ажаат ачканы эсибизде. Ооруканаларды ачып, дары-дармектер, ПЦР тесттер, дем алдыруучу аппараттар менен камсыздаганы – мамлекетке опол тоодой көмөгү эле.
Дегинкисинен алганда, Исмаил Матраимов атындагы фонд көп жылдардан бери жардамга муктаждарга каралашып келгенин жамы журтубуз билип калды. Ошентип, жүздөгөн, миңдеген адамдардын сообуна калганы узун элдин учуна кетти...
Аныгында, Райым Матраимов кыйла убакыттан тарта жеке кылган жакшылыктарын жарыялабастан эле жасай бергенине ынандык. Колунда барбы, аябайт! Себеби, бул жашоо – жалган дүйнө. Ал кайрымдуулук иштеринен сырткары, интеллектуалдык чөйрөгө, билим алууга, маданият, спорт, ж.б. тармактарга демөөрчүлүк кылып келгенин санап бүтө албайсың. Баш-аягын өзү деле унутуп койсо керек. “Кудай ырыскыны сүйгөн пендесине берет” дегендей, Райым Матраимов канчалык бай болсо, ал дүнүйө-мүлкүн башка бизнесмендердей катып жатпай, же чет өлкөгө чыгарып кетпей, элибизге чачып келди. Адамзаттын жашоосунда мындай көрүнүш сейрек эмеспи.
Эң кызыгы, азыр Кыргызстандын баардык аймактарынан каарманыбыздын жардамын көргөн, колдоосуна ээ болгондор тынчсызданууда. Көпчүлүк арасында сөз күчөдү. Кандай дейсиңби? “Жогорку Кеңештин шайлоосуна Райым Матраимов чыгабы? Биз колдойбуз!” деген элдин катмары калыңдап баратат. Сүрөп чыгууга ашыкккандарга, дээрлик күткөндөргө кандай жооп болот? Жакшылыктын кайта турган күнү жакындадыбы? Ал эми Райым Матраимов парламенттик шайлоого чыгар-чыкпасын айта элек. Күткөндөр арбын...
"Азия Ньюс" гезити