Акыркы кабарлар
» Саясат » Аттан оосо да ээрден түшпөгөн Искендер Гаипкулов
Аттан оосо да ээрден түшпөгөн Искендер Гаипкулов
01-июль, 21:53

БШК төрагалыгына Искендер Гаипкуловдун дайындалары жогору жактан чечилип калганы, бул орунга таасирдүү атаандаш болбой турганын эшиттик. Каарманыбыз “Ата Мекен” фракциясынан сунушталууда. Буга чейин ал президенттик аппараттан интриганын айынан кеткени боюнча кулагыбыз чалган. Улукбек Марипов менен келише албай, ошонун айынан креслосунан айрылган эле. Учурда Искендер мырза алаканын ушалап, БШКнын төрагалыгына барууга ашыгууда. Аттан оосо да ээрден түшпөгөн сыйкыры бар беле? Акаев заманынан кийин кайсы президент келбесин, баары менен тил табышып, “майталкандын” үстүндө гана жыргал жашоосу уланып келатат.
"Азия Ньюс" гезити