Ирина Оролбаева: “Апам Улуу Жеңишти Москвада Кызыл аянтта тосуптур”
Күлүйпа Кондучалова эжебиздин кичүү кызы Ирина Оролбаева эже менен чакан маек курдук. Күлүйпа эже кыргыз маданиятына тоодой эмгек кылды. Өзү чыгармачылыктан алыс адам болгону менен маданияттын “ашканасын” коёндун жатагына чейин билген. Башкаруучулук жана жетекчилик жөндөмдүн туу чокусуна чыкканын эч ким танбайт. Көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка толмок. Ирина айым менен 100 жылдыкты белгилөө тууралуу кеп курадык. Күлүйпа эженин эмгегин эскере отурдук.
-- Ирина айым, апаңыздын көзү тирүү болгондо быйыл 100гө чыкмак. Учурда туулган күнү тууралуу эки ача кептер айтылууда. Муну сиз билсеңиз керек?
-- Паспорт боюнча 15-июнь деп жазылган. Мектепке кирем деп атканда жыл жетпей калат да, атасы экөө метрикага 15-июнь деп жаздырып, анан апам мектепке кириптир. А чынында таенем “согум союлган мезгилде төрөлгөн” деп айтып калчу. Небереси жана чөбөрөсү да 6-декабрь күнү төрөлгөн. Апамдыкы да 6-декабрь болсо керек деп божомолдойм. Согумду декабрдын башында соёт эмеспи. Мен билгенден таятам кыздарын билимдүү болушуна кам көргөн адам эле.
-- Күлүйпа эже коомдук иштерге жаштайынан эле аралашты көрүнөт...
-- 18 жашында Тянь-Шань районундагы Куланак айылына кетиптир. Аралбаев аксакалды “Молдоке” деп айтышчу, мектептин директору эле. Эжем завуч болуп барды. Ошолордун үйүндө туруп калды. Аларды “ата, апа” дечү.
-- Согуш убагында жогорку мектепте, Москвада окуганы жөнүндө айтсаңыз?
-- 1943-жылы ВПШга (Высшая партийная школа) жиберет. Бир группада Жаманкул Тойгонбаев, Асылбек Алтымышбаев, Кудайберген Салиев, Курмангали Каракеев, Турдакун Усубалиев, Абды Сүйөркулов ж.б. окушуптур. Булар абдан күчтүү бүтүрүүчүлөрдөн болгон. Алар ар дайым театр, музейге маал-маалы менен барып турушчу экен. Дагы бир кызык нерсе, унутуп кала электе айтып коёюн, жакында эле “Мир” телеканалынан Улуу Ата мекендик согуштагы Ленинград блокадасында Тажикстандын жардам бергенин саймедиреп айтып атышат. А биздикин эмне үчүн айтышпайт? Сюздук республикалардын ичинен Кыргызстандын делегациясын Молдогазы Токобаев жетектеп, курамында Күлүйпа Кондучалова, Кубанычбек Маликов болуп, 1942-жылы 11-февралда темир жол вокзалынан Ленинград блокадасына жөнөп, 42 күн жол жүрүп жетишкен. 52 вагон эт, териден тигилген тондор, ун, күрүч ж.б. өңчөй азык-түлүк алпарышыптыр. Көрсө, ошондо союздук республикалардын ичинен биздин делегация биринчи болуп жардамга барган экен. Биз бир аз артка кайрылдык. Алар ВПШны бүткөндөн кийин Улуу Жеңишти ошол жерден тосушкан, апам да Кызыл аянтта болгонун айтат.
-- Ирина айым, биз жогоруда эмне үчүн согуш учурунан кеп кылдык. Анткени, быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленгени турат. Ошол жылдардагы эженин эмгегин айтпасак болбойт. Эми апаңыздын кыргыз маданиятына кошкон салымы тууралуу кеп кылып, анын ичинен “Ала-Тоо жазы” фестивалы, анын жаралышы, маани-маңызынан айтып берсеңиз деп турам...
-- “Ала-Тоо жазы” 1966-жылы биринчи жолу июнь айында Фрунзе шаарында өткөн. Аны апам демилге кылып, СССРдин курамындагы 15 союздук республикада үзүрлүү эмгектенип, төбөсү көрүнгөн коллективдер, инсандар бир ай бою ар кыл театрда, жадагалса жайлоолордо концерт беришкен. Кыргыз жергесине кимдер гана келишкен эмес: Игорь Моисеев жетектеген бий ансамбли, молдовалык “Жок”, СССРдин чоң симфониялык оркестри, дирижерлер Светланов, Иванов, Темирканов ж.б. композиторлордон Хренников, Шостакович, Соловьев-Седой ж.б. Аткаруучулардан Архипова, Огнивцев, Мазурок, Магомаев ж.б. Алар 1974-жылга чейин 800гө жакын кыргыз элине концерт беришкен. Миллионго жакын көрүүчүлөр чыгармаларына күбө болушкан. Мунун баары эмнеден кабар берет? СССР элдеринин достугу менен бирге маданияттын деңгээлин көтөргөн. Биздин өнөрпоз адамдар алар менен бирге тажрыйба алмашып, чыгармачылыгын өркүндөтүшкөн. Азыр болсо көрүп атпайбызбы, ошо кездин бири жок. Апам таланты бар адамдарды абдан баалаган. Колунан келишинче чет элде окутууга жол тапкан, окуткан десем болот.
-- 100 жылдык боюнча да оюңузду угалы дедик эле...
-- Маданият министрлигинде 16-17 адамдын, анын ичинде апамдын 100 жылдыгы деп планга киргизишкен. Ошого карата апрель айында консерваторияда илимий-популярдуу конференция өткөрүшөт. Бул керек нерсе. Кыргыз маданиятынын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу талкуу болот.
-- Борбор калаага эженин ысымы коюлган көчөсү, эстелиги тууралуучу?
-- Көчөсү бар. Кара-Жыгач айылынын борбордук чоң көчөсүнө апамдын ысымы берилген. Тирүү кезинде эле айылдык кеңеш апамдын 90 жылдык урматына карата ыйгарган. Ошол айылдагы мектепте Күлүйпа Кондучалова атындагы музей да бар. Апам “Эркиндик гүлбагы Ала-Арча көрүстөнү болуп калды. Үч ай иштеген кишинин деле эстелигин коюп атышат. Ушундай да болобу?” деп эстелик тургузуу боюнча өзү каршы болгон. Ошентсе да өзү бир канча жыл (1961-жылдан 2013-жылга чейин) жашаган үйүнө мемориалдык такта коёлу деп атабыз. Шаардык кеңеш эмне дейт билбейм. Негизги маданий иш-чараны сентябрда өткөрөлү деп турабыз. Бирок, парламенттик шайлоо ноябрь айында, ал жагын билбей турам. Үй-бүлөлүк максатыбыз – тактаны ачуу жана бир жакшы концерт.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити