Равшан Жээнбековду сырткы күчтөр колдоого алышары айтылууда

Абактагы демократ саясатчы Равшан Жээнбековго тышкы күчтөрдүн симпатиясы жакшы экени сыпатталып келет. Акыркы саясый окуялардан кийин ага карата олуттуу көңүл бурулары, чыныгы лидер, майтарылбас жол башчы катары бааланары каңкууланууда. Өлкөбүздөгү саясатчылар Равшан мырзаны алдыга сүрөп, ачык түрдө колдоо кылыша элек. Айрымдары бийликтен айбыгышса, башкалары ичтардык кылышары белгилүү. Ошентип, оппозиция бир муштумга түйүлө албай, илең-салаң келатканы да чындык. Мындай шартта сырткы күчтөр Равшан Жээнбековду колдоого алышса, Кыргызстандагы бийликке каршы элита биригүүгө бара алабы? Дал ушул өңүттө жашыруун талкуулар, желе жорткон сөздөр тымызын айтылып атса, жыйынтыгы кандай болот? Акыркы кездери сырткы, ички саясый айдыңдагы консультациялар, кеңешүүлөр башталары божомолдонуп, бир жыйынтыкка келишүүгө барышабы? Көрө жаталы.
"Азия Ньюс" гезити