Максат Чакиев: “Туристтерди тартууда маркетингге басым жасайлы”


Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары менен маек.
-- 2021-25-жылдар аралыгында кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча план иштелип чыкты. Анын эффективдүүлүгү жөнүндө эмне айта аласыз?
-- План тууралуу кабарым жок экен. Кандай план кабыл алынса да, туризмди өнүктүрүүгө болгон күчтү жумшоо керек. Анткени, пандемия бизге эле эмес дүйнө жүзүнө өз талаптарын киргизди. Азыр мурунку стратегияларга таянуу туура болбойт. Анын баарын жок кылса деле болот. Себеби, дүйнөлүк туризм толугу менен өзгөрдү.
-- Азыр вируска байланыштуу сырттан келген туристтер деле жок да. Мындан улам ички туризмди өнүктүрүүгө мезгил жетти окшойт...
-- Биздин өлкөдө ички туризм аркылуу анча деле киреше табуу мүмкүн эмес. Анткени, элдин көпчүлүк бөлүгү жарды. Чоң-чоң өлкөлөрдө ички туризмди өнүктүрүү менен киреше тапса болот.
-- Жалпылап алсак, жергиликтүүлөрдүн өз жеринде эс алуусуна баа саясаты толук эле жол береби?
-- Ысык-Көлдө жайында өтө эле кымбат болуп кетчү. Пандемиядан тарта эл деле бааны өтө эле жогорулата берүү туура эмес экенин түшүнө баштады. Эмдиги жылы вирустан кутулсак деле туристтер агылып келе койбойт. Туристтердин агымы 2-3 жылдан кийин жандана баштайт деген ойдомун. Ошон үчүн бир эле баа саясатын эмес, туристтик стратегияны толук карап чыгып, казакстандыктар менен россиялыктарды эле күтө бербей, башка рынокко чыгууну көздөө зарыл.
-- Вирус басаңдап, жолдор ачылса, чет элдик туристтерди өлкөгө тартуунун алгачкы кадамдары катары эмнелерди белгилейсиз?
-- Антикризистик стратегияларды кабыл алыш керек. Буга чейин сервисти көбөйтүү, жолдорду салуу, тейлөө кызматын жогорулатуу өңдүү иштердин үстүндө келгенбиз. Эми сервис менеджменти четте калды. Азыр туристтин өзү биринчи планга чыкты. Анткени туристтин өзү жок. Ал жок болсо, калган тейлөө кызматынын зарылдыгы деле жок болуп калат. Ошондуктан биринчи эле маркетинг пландын, башкача айтканда, туристтин өзүн тартуунун алкагында иш баштоо керек.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити











