Кайненем каза болгондон кийин жертөлөдөн 300 миң сом таап алдык


Ал аябай каардуу аял болчу. Өмүр бою бухгалтер болуп эмгектенди. Акча менен иштегендиктенби, тапканын ашыкча коротпой, сарамжалдап мамиле кылар эле. Жолдошум апабыздын жалгыз уулу болгондуктан, апасынын сөзүн эки кылчу эмес. Ал да апаман бетер ар бир кадамын санап, акчасын каякка, эмне максатта коротконун жазып турат. Мен мындай үй-бүлөдө чоңойбогонго азыркыга чейин эле “акчага канчалык кенен болсоң, ошончо агып келет” деп уруша кетем. Дайыма эле бир нерсе аларда кеңеше берүү да ашыкча түйшүк деп ойлойм. Кыскасы, биз эсеп-чот менен жашаган үй-бүлөбүз.
Бейиши болгур кайненем жакында эле 70 жашка чыгарда көз жумду. Апабыз жок ээнсиреп эле калдык. Жерге бергенибизден 10 күн өтпөй жертөлөгө кыям алуу үчүн киргем. Кыям жабуу сезону башталып калгандыктан, эскилерди алып чыгарып салайын деп банкаларды ташып жаткам. Караңгы жактан бир банканы күч менен тарта салсам, банка жеңил эле суурулуп кетти. Жарыгыраак жакка алып чыгып карасам, ичи толтура акча.
Муунумдун калчылдаганын сурабаңыз, дароо жолдошумду чакырып, үйгө кирип, бекинип алып санап чыктык. Туура 300 миң сом экен. Көрсө, апабыз акчаны сарамжалдап чогултуп жүрүптүр. “Ашканага барам” деп эле жөнөп калчу. Бир топко чейин жертөлөнү текшерип, анан чыкчу. Мен “эмне эле ал жакка барып текшере берет? Кыямды да аяп жатат окшойт” деп капа боло берчүмүн. Апабызга аябай ыраазыбыз. Жолдошум “акчага сарамжал бол, апамдан үлгү ал” деп кубанып, үйгө зарыл бир нерсе алалы деп жатабыз. Көрсө, адам баласы бардык нерсенин жакшы жагын көргөнгө аракет кылбай эле жаман нерсени ойлой берет экенбиз. Апабызды жаман көрүп, “акчаны аяйт” дей берчүмүн, көрсө биздин камыбызды ойлочу турбайбы.











