Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Президенттин ысырапкорчулукка каршы жарлыгын көзгө илген адам жок”

“Президенттин ысырапкорчулукка каршы жарлыгын көзгө илген адам жок”

22-ноябрь, 09:00
499 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Садыр Жапаров ысырапкорчулукка каршы жарлык чыгарып, жакшылык-жамандыкта элди үнөмдөөгө чакырган эле. Тилекке каршы, аш-тойлордо, сөөк коюуда бири-бирине атаандашып эле бодо малдарды союп жатышат. Натыйжада, президенттин чакырыгын эл кабыл албай койдубу?

Мирлан Сатаров:

-- Жарлык негизинен туура. Болгону, элге түшүндүрүү иштери, көзөмөлү жетишерлик деңгээлде болбой калды. Ал жарлыкты көзгө илген деле адам жок. Зыйнаттар, куран окутууларда баягыдай эле мал союлуп, колунда барлар 3-4төн деле бодо мал союп жатышат. Тойлордо болсо мурункудан да көп ысырапкорчулук болууда. Анүстүнө жаңы форматагы түштөндүрүү, кешик бермей сыяктуу көрүнүштөр огобетер күчөп, бири-бирине атаандашып, козу грилден 10 болсо, азыр ага кошумча ар бир кудага бирден индюк гриль тартылмай күч алды. Менимче, жергиликтүү деңгээлдеги чиновниктердин мүчүлүштүгү да. Президенттин жарлыгын президенттин администрациясы да ишке ашырып, көзөмөлдөп турушу керек эле. Ал жакта да чоң кемчилик бар.

Турсунбай Бакир уулу:

-- Жок, кеп башкада. Эгер тоталитардык мамлекет болгонубузда президенттин айтканындай болмок, анткени жарлыкка каршы чыккандарды камап салмак. Бирок, эркин мамлекетте күч менен ыйманды, адеп-ахлакты орнотуу мүмкүн эмес. Себеби, жеке жашоого кирише албайт. Ар бир адам “акчаны өзүм таптым, эмнеге жумшасам өзүмдүн эрким” же “балдарым мигрант болуп иштеп жатып тапканын мага жакшылыкка жумшоого берип жатышат” дегендей ойлонушат экен. 

Идеологиянын жоктугунан ушундай терс көрүнүштөргө учурай беребиз. Ошон үчүн идеологиябыздын негизин ата-бабаларыбыз мурас катары калтырган динибизден, каада-салттарыбыздан жана макал-лакаптарыбыздан түзүшүбүз керек. Ошондо гана жапондор сыяктуу улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап, дүйнөлүк цивилизациянын заманбап мүчөсү болмокпуз!

Бул багытта кайра эле билим берүү системасына кайтып“Диндер тарыхы” сабактын ордуна балдарыбызга “Ыйман” сабагын окутушубуз керек. Отуз жаштан өткөн адамды жаңыдан өзгөртпөй, мектеп жашынан ыйманга, адеп-ахлакка үйрөтсөк дурус болмок.

Меңди Мамазаирова, акын, драматург:

-- Бул кыргыз үчүн өтө оор маселе болуп турат. Ооба, бири-бирине атаандашуу сымак болгону менен ал да башкалардын тоюн жеген, өрдөк жесең каз байла дегендей да. Бирок, ашкере ысырапкорчулук өкүм сүргөнү баарына белгилүү. Анүстүнө колунда бар байлар жалаң асман тиреген кооз, кымбат тойканаларды биринен ашыра бири салышууда. Сураштырып көрсөң бир күн да куру эмес. Күнүгө аш, той.

Эми мунун баары кыргыздын жашоосу, деңгээли болуп калабы? Менин "Аймаран" романымда мындан 6-7 жыл мурда XXI кылымдын башы Бишкекте жалаң тойкана, кафелер, мечиттердин жамгырдан кийинки козукарындай жамырап чыкканы менен эсте калат деп жаздым эле. Азыр андан да өттү. Жалаң той-аш менен чектелген элдин жашоосуна кыжалатмын. Бул системаны өзгөртүш керек. "Тапканың тойго буюрсун" деген макал да эбак пайда болгон. Бул макал жакшы го, бирок тапканыбызды бир күндө чачып жиберип, карыз болуп отуруп калабызбы? Кредит алып той бергендер тууралуу да жазып, айтып жүрөбүз. 

Мамлекет башчынын чыгарган чакырыгын кабыл алдык эле, кайра эле мурдагы калыбыбызга түштүк. Ошондой кутурган акчаларды ынтымакка келип, жеке баюунун ордуна мыкты үйлөрдү, бала бакчаларды, билим жайларын, заманбап ооруканаларды, керектүү эң алдыңкы нанотехникаларды алууга, өсүп келаткан жаш муундарга терең билим берүүнүн жолдоруна жумшасак туура болмок.

Жалаң тойлордо жүрүшсө, ныксырап өскөн жаш адамдын каны коюлуп, келечекте ойлоп табуучулук, илимде да, маданиятта да алгылыктуу ой жүгүртүүсү болбойт. Өзгөрүш үчүн аң-сезим, акыл-эс өсүү керек. Муну ар бир кыргыз өзүнөн баштаганы оң. Дегеле акыл деңгээли жогорулабаса, ушул жол кыргыздардын жашоо шарты, мүнөзү бойдон кала берет. Мүнөз тагдырды шарттайт. Тагдыр келечекти камдайт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер