“Шайлоодон кийин Беларустагы окуялар бизде да башталышы мүмкүн”
“Бул шайлоо эски жүздөрдүн капчыгы, жаңы жүздөрдүн жаштыгы менен өткөнү калдыбы? Кимиси марага жетип, кимиси четтейт? Алдыда кандай жүрүштөр күтүлүүдө?” деген суроолор менен саясат серепчилерине кайрылдык.
Марс Сариев, саясат таануучу:
-- Шайлоодо жаштар келе жатат. “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Реформа” – бул партияларда мурда саясатка аралашпаган жаштар аябай көп. Өкмөттүк эмес, IT-секторлорунан жаштар бар. Бирок партиялар, мисалы, “Бир Бол”, “Ата Мекен” жаштарга таянып, “саясатка кирсекпи” деп жатышат. Эски саясатчылар ресурс жок экенин сезишип, ошон үчүн шайлоого катышпай жатышат. Алар саясатты түшүнө элек жаштарды жамынышып, “парламентке кирсек” деген аракеттери бар. Бирок байкасаңар, “Кыргызстан” партиясы менен чатак чыкканда көп нерсе белгилүү болуп калды. “Бир Бол”, “Ата Мекен”, “Реформа” биргелешип президентке кат жазышты. Демек, күзүндө шайлоо өткөндөн кийин жыйынтык чыгат. Анан “Реформа” өтпөй калат. Алардын курамында Клара Сооронкулова, Рита Карасартовалар бар. Билсеңер керек, жакында эле Рита Карасартова Беларустагы митингчилерди колдоп, элчиликтин жанында митинг өткөргөн. Шайлоо күнү ОБСЕден эле 300дөн ашык байкоочулар, башка өкмөттүк эмес уюмдардан дагы толгон-токой волонтерлор катышат. Батыштан да келишип, көз салышат. Мурдагыдай эле бизден “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары жакшы добуш алышып, көпчүлүк орунду ээлешет. “Реформа” таптакыр илинбейт. “Ата Мекен”, “Бир Бол” да четтеп калышса, алар утулгандарга кошулушуп, анан Беларустагы окуя бизде дагы башталышы мүмкүн. Себеби, жаштар Батыштан башкаруу алышат. Мисалы, Беларуста лидерлер жок, бирок кыймыл аябай күчөп бара жатат. Бизде да күзүндө Клара Соорокулова, Рита Карасартовалар “биз мындай добуш алдык, БШК башкача көргөзүп жатат” деп Беларустагы окуяны кайталап чыгышат. “Бир Бол”, “Ата Мекендин” нааразы болгон жаштары аларга кошулат. Анан биз Беларустун сценарийи менен кетебиз.
Айбек Мырза, жарандык активист:
-- Азыр шайлоо шоуга айланып кетти. Элдин сезими менен ойноп, эптеп депутат болуу аракети болуп калды. Бизде коом эмнеге муктаж болуп жатса, ошону эле көрсөтүп коюп, эптеп депутат болуу аракети жүрүүдө. “Жаштар келсин” деген коомдук пикир көп болгондуктан, жаштарды алдыга коюп, өздөрү артына туруп алышкан. Шайлоодо участкаларды бөлүп беришет. Добуш алалбаса алдыдагы жаштардын ордун ээлейт. Мындай учурлар мурда деле учураган. “Алга, Кыргызстандан” депутат болушуп, ал алсыраганда “Ак жолго” өтүшүп, “Ак жолдон” КСДПга, андан кайра “Биримдикке” секирип жатышат. Ошондуктан бизде классикалык партия системасы орной элек. Эл өткөн-кеткендин баарын эске алып, таразалап шайлап албаса, абал оор. Партиялык система чоң жоопкерсиздик болууда. Партиялар шайлоого чейин убаданын баарын берип, шайлоодон кийин унутуп коюшат. Шайлоо системасын өзгөртүп, бир мандаттуу шайлоо системасына өтмөйүнчө, жөн эле шоу улана берет. Акчасы бар, пиар маркетинг, баннерлер жайнайт. Кимдин акчасы болсо, массалык маалымат каражаттарын каалагандай сүйлөтүп, укмуш видеолорду тартышып, элдин көңүлүн бурушат да, алдап шайланышат, анан депутат болору менен баарын унутушат.
Ренат Самүдүнов, жарандык активист:
-- Эгемендикти алгандан бери өнүгүп-өсүүнү эңсеп келген элибиз эски саясатчылардан чарчады, тажады. Азыр кыргыз коомчулугунда жаңы жүздөргө чоң талап бар. Партиялар ошол талапты сезишип, жаңы жүздөрдү бул шайлоодо колдонуу менен ийгиликке жетүүнү көздөп жатышат. Жаштарыбыз алданып, элдин үмүтүн такыр өчүрүп албасак экен. Ушундай коркунуч бар...
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити