Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуттук нарк менен тарбияланган муун мамлекетибиздин рухий пайдубалын бекемдейт

Улуттук нарк менен тарбияланган муун мамлекетибиздин рухий пайдубалын бекемдейт

02-август, 09:00
1 574 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгы улуттук нарктарыбызды аныктоого, изилдөөгө жана жайылтууга жаңы дем, күч берди. 

Кыргыз эли Евразия континентиндеги байыркы элдердин бири. Ак калпак калк түн-тегинин байыркылыгы менен гана эмес, өзүнүн кылымдардын кыйырларында түзгөн этикасы, этнографиясы, этнопедагогикасы, этномаданияты, жашаган мекенинин ажайып жаратылышы менен да айырмаланат. Ала-Тообуз поэзиянын мекени деп аталат. Акындарга, төкмөлөргө, манасчыларга бай Кыргызстандай өлкө дүйнөнүн кайсы жеринде бар? Обологон обондорубузду, ажайып күүлөрүбүздү айт. Кыргыздар ойногон ордо оюну, тогуз коргоол, кыз куумай, көк бөрү, жорго салдыруу, бүркүт салуу ж.б. сыяктуу спорт оюндары өзүнүн улуттук кайталангыстыгы, кол өнөрчүлөрүбүз жасаган азем буюмдар, ак бозүйлөр, керемет шырдактар, ала кийиздер өзүнүн көз жоосун алган кооздугу жана этноколорити менен чет өлкөлүк меймандарды суктандарып келет. Бозүй, комуз, кымыз өзүнчө бир кайталангыс үчилтик. Эң негизгиси, илгертен бери карай кыргыздын жандүйнөсү адамгерчиликтүү, руханияты гумандуу, меймандос экендигинде.

Тарыхтын узак, татаал, кыйын-кезең жолдорунда, кылымдардын кыйырларында азап-тозокту, ачуу-таттууну, өйдө-төмөндү көп көрүп, бактылуу күндөрдү да, трагедияларды да башынан өткөрүп, (“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кырың барбы кыргыз сөөгү жатпаган”), турмуш “тегирменинен” ийленип өтүп, ак калпак калк бу жашоого, адамга, жамаатка, табиятка аярлуу мамиле жасап калган. “Торгойдун жумурткасын көрсөң жарбай жүр, убал болот” дейт баласына кыргыз. Бозүйдүн түндүгүнө уя салып, балапан баскан чабалекейдин “үйү” бузулуп калат деп бозүйүн чечпей, жайлоого көчпөй, жакада калган да кыргыз. “Таш менен урганды аш менен ур” деп жамандыкты жакшылык менен женген да, өтүп бараткан чоочун жолоочуну “кудайы конок” кылып, кой союп, үйүнө кондуруп, сыйлаган да кыргыз. Кыргыз жазында айдоого тукум сээп жатканда “жылуу жерден конуш таап, мунусу жетим-жесирге, мунусу алсыз карыпка, мунусу курт-кумурскага, мунусу сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага” деп үрөнүн чачып, пейилинин кенендигин, рухунун жоомарттыгын айгинелейт. Элдик рухту алып жүргөн кыргыздын акылман Асан Кайгысы “Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен? Же басарга буту жок, жылан байкуш кантти экен?” деп жан-жаныбарлардын тагдырын ойлоп абыгер чегип турбайбы. Ошону менен бирге эле катаал сыноолордо, жоо жакадан, бөрү этектен алып турганда кайраттуу, баатыр жоокер боло билген да, катылгандын катыгын берген да кыргыз. “Биздин элди сурасаң, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, балбандар менен билектеш, бөтөнчө журт олуя, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган” дейт шер Манас. Тээ илгертен достук сезимин кастарлап, көптөгөн майда эпосторду бооруна кысып, канатынын алдына калкалап журт кылып, тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей келген да ак калпак эл эмеспи.

Кыскасын айтканда, кыргыз эли өзүнүн кылымдарды карыткан тарыхында бу жакырчылыкта адам болуп, атуул, жаран болуп жашоого жол көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн, адептик-ыймандык нарктардын бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Ушул жерден бир акылмандын айтканы эске түшөт. “Чоң аталардын жана чоң энелердин моралы күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багытталган. Тарыхый тажрыйба адам пендесинин турмушунда жаңылыкка караганда, ар дайым кайталанып, кайра келип турган түбөлүктүү, түптүү нерселер көбүрөөк экенин күбөлөп турат. Мына ошондуктан, жаңылыктардын артынан кубалайм деп отуруп, кылымдап калыптанган “ак чач” нормаларды, эрежелерди унутуу опурталдуу экенин эскерткибиз келет”  деген терең ою эске түшөт. Кыргыз элинин идеялык-рухий өзөктүү, уңгулуу кенчтери чынында эле, күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багышталган.

Ата-бабалар мурастаган баалуулуктарыбыздын карыбастыгы, ал нарктардын адам баласынын социалдык турмушундагы дайымкы моралдык  мыйзамченемдүүлүктөрдү аркалап тургандыгында. Анан да ал нарктардын жанагындай тарыхтын бороондуу жолдорунда жашоо үчүн болгон күрөштө топтолгон элдик тажрыйбадан жуурулуп жаралып, калкыбыздын “канында”, жүрөк-жүлүнүндө жашап калгандыгында.

Чынында, калкыбыздын наркындагы эл эркиндигин, ата журт боштондугун эң жогорку ыйык дөөлөт катары тутунган идеялык салт, ушул салтты туу тутун, элинин көз карандысыздыгы, бак-таалайы үчүн каруусун казык, башын токмок кылган Манас Ата баш болгон жүздөгөн, миңдеген патриот уул-кыздарыбыздын мекенчилдиги, калдайган калк алдындагы, мекен алдындагы парздан, убада-шерттен тайбаган атуулдук жоопкерчилик, сөз менен иштин төптүгү, эмгекчилдик, мээнеткечтик, ар-намыстуулук, адамкерчилик, айкөлдүк, жоомарттык, меймандостук, боорукерлик, адилеттүүлүк, калыстык, канатташ калктарга кучагын жайган достук, улут биримдиги, жарандык ынтымак, жаратылыш менен болгон шайкештик, ата-энени улук жана ыйык катары ардактоо, улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо, бири-бирине кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, өз ара жардамдашуу, каралашуу, жамандык-жакшылыкта кол кармашуу сыяктуу жамаатчылдык (коллективизм), жамандыкты жакшылык менен жеңүү (“таш менен урганды аш менен ур”), барга топук, азга сабыр кылуу, топуктуулук, каниеттүүлүк, материалдык байлыктан рухий байлыкты жогору коюу, өнөр-билимди барктоо, ата-бабалардын арбагын аздектөө, тарыхый эстутумду урматтоо, эл-жерди сүйүү, махабат, ыймандуулук, “кыздын кырк чачы улук” деп аялзатын сыйлоо өңдүү баалуулуктар кантип түбөлүктүү эмес, кантип өлбөс-өчпөс болбосун жана кантип эскирсин?  

Мындай адеп-ахлактын тарыхы өйдөтө айтылгандай, тереңге кетет. Бер жагы, кечээ эле 19-кылымда кыргыз жамаатында адеп-ахлактын ал жайы кандай болгондугун 1855-жылы туулган айтылуу Талып Молдо минтип жазган: «Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Ошондой жагымсыз иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөр эле. Эл куулукту билчү эмес. Ал убактагы журттун бай-жардысы, кары-жашынын баарысынын барга-жокко канагат кылуусу. Бир кишинин буйругунда ынтымактуусу. Көчсө, консо бүтүн журт бүт козголуп, киши, кишинин чычкак улагын таштабай чогуу алып жүрүшү. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгондо колдо барын аябай жоомарттыгы. Ырчыга тогуздап бергени. Сен бай, жарды дебегени. Ач көзсүздүгү. Ачкага аш, жылаңачка тон, жөөгө ат аяба деп, четтен жөө келген календер болсо да түшүп атын бергени. Жоого өлгөнчө кайраттуу эрдиги. Элдешкен журтка бир туугандай ынтымагы. Бузук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү. Тили буруу болбо, Ата-бабаңдын тилин бузба, кийимиңдин түрүн бузба деп өз улутун сактаганы. Айла-алдоо не экенин билбеген. А эгер бир кишиден, эркек же ургаачы болсун, жогорку айтылган жакшы сапаттардан бир кемчилик көрсө, баарынан жаман иши билинсе, бардык журт өмүрүнчө, ал ант ичсе да ишенбегени. Мына ушуларга окшогон жакшы кылык-жоруктарын айта берсем сөз узарат (Талып Молдо. Кордолгон заманда. «Ала Тоо», 11,127-бет). Нравалардын ушундай абалын көрүп туруп, Калыгул менен Арстанбек учурунда кыргыздын кызынын уяттуу, уулунун урматтуу, келини келбеттүү, кемпири барктуу, карыясы нарктуу экенин ырга салышкан турбайбы. Дегеле, Чыгыштагы түркүн империялардын курамында жашаган, өзү да империя, каганат түзгөн (IX кылым), темир, алтын кендерин иштеткен, шаар, чептерди курган. Гундардын аскеринин курамында Европага чейин жеткен, жер бетиндеги ар кандай тарыхый тепкичтерде турган цивилизациялардын, калктардын турмуш образдарына күбө болуп, көп нерселерге көзү ачылган, көчмөн феодализмде узак жашап, бай тыжрайбага, кең акыл-эске, структурасы кыйла татаал ойломго эгедер журт болуп кыргыз калыптанган. Ошондон улам кыргыз “Манастай” поэзия океанын жараткан бай тилге ээ. Ошондуктан кыргыздардын түзгөн, жараткан акылман макал-лакаптары турмуштун миң кырлуу, миң түрлүү сырларын өз кучагына камтып, адамдын акылын айран калтырып турат. Жогорудагы саналып өткөн адеп-ахлак нарктары улуттук гана эмес, жалпы адамзаттык да мааниге ээ жана бул баалуулуктар дүйнөлүк ар кандай моралдык документтердин негизине алынууга татыктуу дээр элек. Байыркы кыргыз эли ислам Борбордук Азияга келип жеткенге чейин эле аталган адеп-ахлак нарктары менен өмүр кечирип келген жана бул нравалык дөөлөттөр эл-журтубуздун реалдуу турмуштук этикасында жашап, “Манас” баш болгон классикалык көркөм мурастарыбызга сиңирилип, тарыхыбызга тамга болуп басылып, тарыхый улуу инсандарыбыздын өрнөктүү жүрүм-турумунун мотивин аныктап келген жана соңку капиталисттик-рыноктук цивилизациянын бүлүндүрүүчү терс таасирлерине карабастан азыр да элдик турмуштун катмарларында көрөңгөсү соолубай “жүрөк кагып” турат.

Мына ушинтип, корутундулап айтканда, кыргыз эли өзүнүн узак жана бай тарыхында калктын, жамааттын, инсандын жашоо тиричилигинин түп пайдубалында жата турган адеп-ахлак уңгуларын, моралдык –философиялык жоболорду, этикалык эрежелерди иштеп чыккан. Жогоруда сөз болуп өткөн эреже – жоболор кыргыз калкынын жаны, адеп-ахлагынын архетиптери, субстанциясы, өзөк-негизи. Тарыхтын бороон-чапкындуу татаал жолунда кыргызды ушул уңгулуу дөөлөттөр сактаган. Ата-бабалардын адеп-ахлагынын ички регулятору болуп келген ушул идеялык, рухий ыймандык нарктар улуу Манас Атанын кан тамырында агып, көөдөнүнүдө жүрөк болуп согуп турган. Биз бөлөктөрдү тууроочу же көчүрмөчү калк эмеспиз. Кыргыз элинин кылымдарды аралап келе жаткан өзүнүн салттык түптүү, каны-жаны менен бирге бүткөн нарк-кенчтери бар. Ошол нарк-кенчтер, кыргыз элинин өмүр-жашоосунун негизин, пайдубалын кечээ да түзгөн, бүгүн да, эртең дагы түзүүгө тийиш. (Колунузтардагы бул китепте ошол нарктар, баалуулуктар жөнүндө мындан ары мисалдар менен кенирирээк сөз болот). Бирок анын алдында төмөндөгүдөй көйгөйлөр жана алдыда турган милдеттер тууралуу айтпай коюуга болбойт.

Тилекке каршы, рыноктук-капиталисттик заманда өлкөбүз экономикалык да, моралдык да кризиске туш болуп, бул аз келгенсип массалык маданияттын экспансиясы күч алып, жогорудагыдай Ала-Тоону Ала-Тоо, кыргызды кыргыз кылып турган асыл нарктарыбыз акырындап астыртан бүлүнүүгө учурай баштады. Абалтан келе жаткан ак жаркын адеп-ахлагыбызды, элдик баалуулуктарыбызды үгүттөгөн идеологиябыздын жоктугунан жаштарыбыз улуттук коломтодон оолактап, Калыгул олуя менен Арстанбек айткандай, келинден келбет, уулдан урмат, кыздан уят кетип, муундарыбыз китеп окуудан калып, рухубуз жакырлана баштагандыгы чындык. Фактыларга кайрылалы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер