Аалы Карашев: “Жаштардын билим алуусуна каражат коротуу – келечекке пайдубал түзүү эмеспи”


-- Аалы Азимович, сизди буга чейин губернатор, вице-премьер-министр, депутат катары таанычу элек. Азыр эмне жумуш менен алектенип жүрөсүз?
-- Мен 2022-жылдан бери илимий иштер менен алектенип жүрөм. Бүгүнкү күндө президенттин алдындагы башкаруу академиясынын докторантымын. 1996-жылы диссертация жактап, айыл чарба илимдеринин кандидаты болгом. 1996-жылдан тарта өз алдынча башкарууну реформалоого өзүм катышып калдым. Андан бери 29 жыл өттү. Карап көрсөм, бул боюнча комплекстүү, ар тараптуу изилденген илимий иштер жок экен. Ошон үчүн “Кыргызстандагы өз алдынча башкаруунун өнүгүшү” деген темада докторлук диссертацияны баштап, бүгүнкү күндө аягына чыктым. Буга чейин, 1999-жылы өткөөл мезгилге карата биринчи монографияны жарыялаган элек. Андан кийин 2002-2003-жылдары дагы бир-экөө чыкты. Мына ошолордун баарын бириктирип, былтыр диссертациямды аягына чыгарып, кафедрадан талкуудан өткөн. Азыр реформа жүрүп атпайбы, ВАК министрликтин астына келип, жоболору бекитилип дегендей. Атайын кеңеш буга чейин дипломатиялык академиянын алдында болгон экен. Анын эки жылдык мөөнөтү бүтүп, азыр жаңысы түзүлө элек. Ошону күтүп жатам, түзүлсө эле алпарып, жумушумду берем. Анан өзүнүн белгиленген тартиби бар, жаңы долбоорго ылайыкташтырып, балким, алты ай кетеби, же андан көбүрөөкпү, айтор, ошол илимий ишимди аягына чыгарып коёюн деп чечкем.
Экинчиден, бизде административдик-аймактык абдан чоң реформалар жүрүп жатат. Айыл аймактары ирилештирилип, 452ден 235ке чейин (кийин шаарлар кошулган соң андан да азайды) кыскарды. Биз ошолор боюнча да алты айда, бир жылда бир жолу изилдөө жүргүзүп, мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке, өкмөткө сунуштарыбызды беребиз. Башкаруу академиясынын алдындагы “Ханнс Зайдель” фондусунда атайын мониторинг жүргүзчү топ бар. Мен ошол топтун да жетекчисимин. Анан мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт катары да кээде дебаттар боло калганда барып, өзүбүздүн оюбузду айтып, тажрыйбабызды бөлүшөбүз. Негизи, ушул үч багыт боюнча иштеп жатам.
-- Административдик-аймактык реформанын эң чоң жетишкендиги эмнеде деп ойлойсуз?
-- Өз алдынча башкаруунун негизги принциптери өзүн-өзү тескөө, каржылоо да. Негизгиси, туруктуу өнүккөн муниципалитеттер түзүлүшү керек. Айыл аймактарын ирилештирүүнүн негизги максаты ушундай. Бизде айыл аймактарынын сексен пайызы дотацияда, аларды мамлекет багып жатат (!) деген пикирлер айтылып келбеди беле. Ошолор ирилешкенден кийин туруктуу муниципалитет болуп, киреше бөлүгүн толуктап, өзүн-өзү камсыздап, жергиликтүү маанидеги маселелерин өздөрү чече башташты. Жайыт комитеттеринен, суу пайдалануучулар ассоциацияларынан атайын муниципалдык ишканалар түзүлүп, айыл аймактарынын карамагына берилди. Алар да кошумча акча алып келет. Артыкчылык ушунда го. Буга чейин деле көп жолу мындай аракеттер көрүлгөн. Жаңылбасам, 1999-жылдан бери эле “айыл өкмөттөрүн ирилештиребиз, бир деңгээлди жоёбуз” деп айтылып келаткан да. Ортодо эки жолу концепция кабыл алынган. Үч этап: облустук, райондук, анан айыл аймактарынын деңгээлинде ирилештирүү концепциясы болгон. Тилекке каршы, ал да ишке ашкан жок. Кийин 2012-жылы экинчи концепциябыз кабыл алынып, айыл аймактары шаарга кошулганы эле болбосо башка алгылыктуу кадам жасалбады. Мындайча айтканда, жетекчиликте саясый эрк жетишкен эмес. Мына, 2023-жылдан тарта Түп районунда, Нарын облусунда пилоттук долбоор катары башталып, 2024-жылы жалпы өлкөгө жайылтылып, биздин саясый жетекчилик абдан чоң кадамга барды. Жыйырма жылдан бери айтылып келген сөз практикада ишке аша баштады.
-- Азыр облустарды, райондорду да жоюп, түздөн-түз президентке баш ийген отуз өкүлчүлүк түзүү боюнча сөздөр айтылууда. Бул канчалык максатка ылайыктуу?
-- Эгемендүүлүк алгандан бери коомчулукта: “Биздин кичинекей мамлекетке төрт деңгээлдүү башкаруунун эмне кереги бар? Үч эле деңгээлде болуш керек” дегендей абдан чоң талкуу, талаштар жүрүп келатат. “Облустарды жоюш керек” деп бирөөлөр айтат, 2000-жылдары “райондорду жоёбуз” деген дагы сунуштар чыккан. “18-20 ирилештирилген аймак болсо эле жетиштүү” деген да пикирлер бар. Мен жеке позицияма токтолсом, бизде мамлекеттик башкаруу системасы бар. Вертикаль сөзсүз түрдө жергиликтүү деңгээлде болушу керек. Районбу, же облус калабы, мамлекеттик башкаруунун базалык бир системасы жеринде иштөөгө тийиш деп айтат элем. Себеби, мамлекеттик көп чечимдер: президенттин жарлыктары, Жогорку Кеңештин, министрлер кабинетинин токтомдору болот. Ошолорду элге жеткирип, ишке ашырган, көзөмөлдөгөн мамлекеттик системанын өкүлү болуш керек жеринде. Бирок, экинчи жагынан бүгүнкүдөй акыбалдагы райондук же облустук деңгээлдер болбошу керек. Бирөөсү, мүмкүн райондук деңгээли калышы керек базалык катары. Анткени, өтө алыс жайгашкан, жаратылыш шарттары татаал райондор бар. Ошолордун баарын изилдеп, анан бир кадамга баруу зарыл. Бир вертикаль түзүлгөндөн кийин ошону базалык кылып, аларга баардык укуктарды ыйгарып, биринчи кезекте бюджетин берүү керек. Бүгүн коомчулукта облустук жана райондук деңгээлдеги жетекчилерге “эчтеке чечпейт, лента кесип эле жүрөт” деген сын пикирлер айтылып жатпайбы. Мунун себеби, бүгүн эки деңгээлдүү бюджет: республикалык, анан шаарлардын, айыл аймактарынын гана бюджети бар. Райондун, облустун бюджети жок. Мисалы, райондун аймагында жашаган бир жаран акимге келип, “жайлоого кетчү жолдогу көпүрөнү суу алып кетти”, же “мектебибиздин чатыры түшүп калды” деп жергиликтүү маанидеги маселе менен кайрылса, аким аны чече албайт. Себеби, аларда бюджет жок. Регионалдык өнүктүрүү фондулары да жеринде толук чечим кабыл ала алышпайт, каржы министрлиги менен бул жактан тескелет. Губернаторго келсе, анын да бюджети жок. “Каржы министрлигине кайрылалы, грантка долбоор жазгыла” деген сөз менен гана жооп берет. Эгер бюджети болгондо, биринчиден, жеринде маселе чечилет эле, экинчиден, жергиликтүү мамлекеттик бийликтин кадыр-баркы, аброю да көтөрүлөт болчу. Ошондуктан, менин оюм райондук бюджетти кайра калыбына келтирүү керек. Бирок, районго жөн эле айлык акысын берип койбой, өнүгүү бюджети менен ыйгаруу кажет. Балким, республикалык салыктын кандайдыр бир пайызын райондук казынага калтыруу керектир. Бюджет болгондон кийин аны бирөө бекитип, көзөмөлдөп, отчетун алышы керек. Демек, райондук деңгээлде да өкүлчүлүктүү орган – райондук кеңеш керек. Мүмкүн кайра-кайра шайлоо өткөрө бербеш үчүн айылдык кеңештин депутаттарынан эки-үчтөн өкүл жиберип, бюджетти бекитип, отчет алганда чогула тургандай кылып койсо болот. Эгер жергиликтүү деңгээлде бюджет болсо, жетимиш пайыз маселе жеринде эле чечилет. Ошол эле мезгилде акимди “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” кылдырбай, “өзүңдүн аймагыңдын өнүгүшүнө толук жооп бересиң” деп талапты да күчөтүү зарыл.
-- Кичи мекениңиз Өзгөнгө көп барасызбы? Мурдагы губернатор, депутат катары эл дале сизге көп көйгөйлөрдү айтышса керек?
-- Ооба. Негизинен, жол маселесин коюшат. Бирок, акыркы жылдары жолдор оңоло баштады. Жакында эле Садыр Нургожоевич өзү барып, Өзгөн–Кара-Кулжа жолун ачып келди. Камчыбек Кыдыршаевич катуу көзөмөлгө алып, кыска эле мезгилде шаардын ичинде союз убагынан бери жасалбаган төрт тилкелүү абдан сонун жол жасалды. Эми Кара-Шоро жайлоосуна кетип аткан жолдо да айылдарыбыз бар. Оңдоого муктаж. Көмүр ташыган машиналар талкалап салышкан. Мен барганда ошол жол тууралуу көп айтышат. Андан башка Ара-Көл деген бир айылыбыз бар. Айылдын 3 чакырымдык жолу транспорт министрлигинин балансына кирбей калган. “Кышында өзгөчө кыйналып калабыз, кар күрөгөн техника “баланста жоксуңар” деп биздин айылга кирбейт, өз күчүбүз менен тазалайбыз” деп айтышат. Бир аз эле бүтпөгөндөрүн эсепке албаганда, мектептер негизинен жаңыланып эле калды. Бирок, бир нече айылда балдар ашар жолу менен бүткөн мектептерде окушат. Ошол мектептердин акыбалы начар, жаңы мектеп курулса (!) деп айтып суранышууда. Өзгөн шаарын ала турган болсок, анын тургундары да мектеп маселесин көп коюшат. Себеби, эл жыш жайгашкан. 3 миңден окуучу окуган, үч сменден, ар бир класста 50-55тен окуучу окуган мектептер бар. Акыркы мезгилде жаштарга көп көңүл бурулуп атпайбы. Стадиондорубуз жаңыланууда. Бир-эки айылдын жаштары “бизге да спорт зал куруп беришсе” деп кайрылышты. Өзгөндөн Жазы дарыясы өтөт эмеспи, жээкти бекемдөө боюнча да анча-мынча иштерди жасоо керек. Анан кээде пособия боюнча маселе коюп калышат.
-- Менин эсимде, өткөн чакырылышта сиз атайын мыйзам долбоорун демилгелеп, пенсияга чыгууну оңойлотууга чоң салым кошконсуз. Ага чейин көп кишилер документ чогултуп эле жүрүшчү да...
-- Мен бул мыйзам долбоорун 2018-жылы демилгелегем. Себеби, биз барган жердин баарында аталарыбыз, апаларыбыз ошол көйгөйдү көп айтышчу. “Пенсияга чыгыш үчүн алты айлап, бир жылдап жүрүп калабыз, кайсы жакка барсаң да кезекке турасың, “эртең, бүрсүгүнү кел” дешет” деп даттанышчу. Мындай көйгөй бир эле райондо болсо да мейли эле. А бизде Советтер союзунун учурунда башка мамлекеттерде иштеп калгандар бар да. Ал жакка запрос жөнөтсө жооп бергени берет, бербегени бербейт. Же алар иштеген ишканалардын көбү жоюлуп кеткен. Натыйжада документ чогултканда абдан кыйналышчу. Ошондуктан, “эмне үчүн өмүрүн мамлекет үчүн арнап иштеген киши пенсияга чыгарда справка чогултуп кыйналышы керек, аны жөнөкөйлөтсө болбойбу?” деген ойго келип, мыйзам долбоорун даярдадык. Аны депутаттарыбыз, президентибиз да колдоп, бүгүнкү күндө иштеп жатат. Пенсия ардагерлерибиз үчүн түйшүк эмес, сюрприз болушу керек. Пенсияга чыгып жаткандар анчалык деле көп эмес, 10-20, чоң райондордо элүү кишидир. Туулган күнүндө соцфондун кызматкерлери телефон чалып, “бүгүн сиздин пенсия жашыңыз толду, келип пенсия китепчеңизди алып кетиңиз, куттуктайбыз!” деп айтса кандай жагымдуу угулат!
Изилдеп көрсөк, жер-жерлерде, айылдарда өзгөчө таланттуу жаштар өтө көп. Мектепти абдан жакшы баалар менен бүтөт, бирок жогорку окуу жайына тапшырайын десе, контрактка төлөгөнгө акчасы жок. “Акча таап келип окуйм” деген ниет менен Россияга же башка бир жакка кетишип, жигиттер үйлөнүшөт, кыздар турмушка чыгышат. Ошону менен окуу калып кетет. Ошондуктан, 2019-жылы “окуйм” деген жаштарга мамлекеттик камкордук көрүү боюнча да бир мыйзам долбоорун демилгелегенбиз. Мыйзамга ошентип жазылган. Окууга дилгир жаштар атайын мамлекеттик банктарга кайрылышып, жеңилдетилген насыя ала алышат. Айталы, банк насыяны 17-18 пайыз менен берип жаткан болсо, студентке беш пайыз менен эле берилип, калган 12 пайызын мамлекет төлөп берет. Ал акчаны студент колуна албайт, банк түз эле окуу жайына которот. Беш жылдын ичинде жанагы окуп жаткан балабыз бир тыйын да төлөбөйт. Окуусун бүтүп, иштей баштагандан кийин беш жылдын ичинде төлөп берет. Тилекке каршы, бул ишке ашпады. Биз Жогорку Кеңештен кеттик, өкмөттөн мыйзам толук иштей турган жобо иштелип чыккан жок. Бул мыйзам болгон соң ошол кездеги өкмөт аны ишке ашырышы керек болчу. Былтыр билим берүү жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынбадыбы. Ошондо бул норма сакталдыбы-сакталбадыбы, билбейм. Бирок, бул бүгүн деле актуалдуу. Эртеби-кечпи аны мамлекет колго алып, ишке ашырышы керек. Себеби, бүгүнкү күндө бюджеттин киреше бөлүгү аябай көбөйдү, профицит бюджет болуп атат. Анчалык деле чоң каражат кетпейт. Жаштардын билим алуусуна каражат коротуу – бул келечекке пайдубал түзгөндүк эле болуп эсептелет.
-- Эгер жердештериңиз суранып калышса, дагы депутаттык шайлоого барасызбы?
-- Ачыгын айтыш керек, мен депутат катары төрт жылдан ашыгыраак иштедим. Азыр да эл менен жолугушканда “аздыр-көптүр тажрыйба алдыңыз, аткаруу бийлигинде да көп иштедиңиз, депутаттыкка келип, өрөөндүн өнүгүшүнө жардам берсеңиз” деп айткандар бар. Эми шайлоо жакындасынчы, анан көрөбүз да...
"Азия Ньюс" гезити











