Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ботаникалык бакка айрым шылуундар көз арта баштадыбы?

Ботаникалык бакка айрым шылуундар көз арта баштадыбы?

13-сентябрь, 09:28
362 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарында скутер, велосипед, самокаттардан жабыркагандар арбыды. Парктарда жөн салды басуу, эс алууга мүмкүн эмес. Баары аралашып, чымын-куюн болуп эле жүрүшөт. Мэрия ырааттуулукту, тартипти карай албады.

Ушундан улам ой келет. Шаардын түштүк чыгыш тарабында жайгашкан ботаникалык бак көп жылдардан бери кароосуз жатат. Мына ушул жерге инвестор таап, элибиз үчүн сейилдөөчү эс алуу жайын салышса, эскирген бак-дарактар жаңыланып тигилсе туура болмок. “Бекер жер” деп курулуш кылып жиберүүгө алдырбай, сакташ керек. Бул аймак шаардын өпкөсү катары абаны тазалоочу өзгөчөлүккө ээ. СССР учурунда жакшы каралып, көркүнө чыкканы белгилүү. Эми андан да заманбап таризде ажайып кооздугун ачып, чыныгы ботаникалык бактын табиятын келтирсек. Соңку убакта бул жерге көз арткандар чыга баштаса, чекесинен кертип, бизнеске же үй курууга ашыгып атышабы? Мындайга жол бербеш керек. 

Ансыз да Бишкек дүйнөдөгү эң кир шаарлардын сап башына чыгууда. Жылыга кышында ыш-түтүнгө уугабыз. Мындай шартта бак-дарактарды көбөйтүүгө, парктарды салууга жан үрөө маанилүү. Ооба, мамлекет демилгени колго алуусу зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер