Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тоолуктар жана таандар

Тоолуктар жана таандар

05-сентябрь, 00:45
4 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

                                   (Даректүү баян)

     Көчмөн турмушту баштарынан кечирген элибиз өз башынан көп эле түркүн тагдыр, турмуштук окуяларды өткөрдү. Алардын баары убагында оозеки айтылып, соңку урпактарга унутулгус сабак болуп жетти. Элибиздин байыркы аң-сезими, дүйнө таанымы, ишеними жөнөкөйдөн татаалга, төмөндөн жогору карай түптөлүп, калыптанып келгенин өткөн көчмөн турмуштун айрым учурлары айгинелегенин эл оозундагы айтыла келген аңыз кептер далилдейт. Тоолук элдин байыркы түшүнүгүн, баёо көз карашын чагылдырган дагы бир окуяга көңүлүңүздөрдү бургум келет.

Көчмөн кыргыз көп заманды кечирди

Көңүл чөгүп, жешилди да, кетилди.

Кайгы-капа, каргашалар коштолуп

Каруу-күчкө ээ болушту, жетилди.


Ага чейин ар кыл иштер, окуя

Октос берип өтүп жатты купуя.

Ошолордун айрымдарын айтайын

Орду толгус жоготуулар ушунда.


Ал убакта тоолук элдер күн көргөн

Көчүп-конуп, кол чыгарып бир жеңден.

Чогуу жашап, аң-сезим да жөнөкөй

Чоочун болгон ар бир адат бир келген.


Маңыроолук, жөнөкөйлүк элде бар

Кенебеген, айкөл мүнөз кимдер ал?

Камырабас хан Манастын урпагы

Ээси ошол улуу күчтүн, жер да тар.


Көчмөн турмуш кетпес изин калтырды

Көкөлөттү, бийиктетти баркыңды.

Бабалардан калган мурас биздеги

Улуу сапат – айрып билгин алтынды.


Сынчылык да, ырчылык да элдики

Эч ким айтпайт: “ал да, бул да меники”.

Эчен кылым акыл пештеп түшүнгөн

Алган сабак албетте, биздики.


...Бир мезгилде алп теректин башына

Келгин куштар уя салды ашыга.

Көчмөн кыргыз кадимкидей сестенип

Чоочуп жүрдү чөкөтаандан жашына.


Ал канаттуу уя салды комдонуп,

Балапандар жем сурашат моюн созуп.

Бирөө айтып: “бул жакшы эмес” дегенден

Кайран кыргыз баштаганы чоң жорук.


Терек түбүн түнөк кылып үй тигип,

(Чөкөтаандар чурулдашат жин тийип.)

Соко-шайман, кош айдоого даярдык

Жазгы баар, калуу керек жер чийип.


Жапырт баары жан алгычтай таанышып

(Көбү жүрөт күйпөлөктөп, карышып...)

Башын таңып баатырсынган бирөөсү

Чыгып барды кылда учуна жабышып.


Уя салган канаттууда не жазык?

Учурууга балапанын шайланып.

Чыгып барган “баатыр” балта көтөрүп,

Шилтегенге даяр турду камданып.


“Чаак” дешип оозун ачты балапан

(Жем сурашып тынч алалбай жанатан.)

Барган эргул үрөй учуп, жан чыгып,

Балта түшүп, бакырды ал карасаң:


“Тарт, бачым тарт!” деп бакырды,

Башын катып, калкаланды, жашынды.

Жердегилер жулкуп тартты арканды

Жулунду баш, бир бутакка асылды.


“Мени оп тартып жутчу болсо желмогуз

Сиз тартасыз, даяр туруң, коркпоңуз!”

Эмелеки эрдемсинген “баатырың”

Эми минтип башсыз жатат томпоюп.


Жип байлатып бел курчоодон бекемдеп

“Жута электе өзүм чапсам экен” деп.

Балапаны “чаак” дегенде ооз ачып,

Чалкасынан кетмей болду чепеңдеп.


Жерден туруп аркан менен белинен

Бек тарттырып өлбөй калуу деминен.

Бир бутакка башы калып кыпчылып,

Дене түштү чыккан уя ченинен.


“Башын жутту бул балекет караңыз,

О, бабедин, эми кайдан табабыз?”

Чуркурашып, жардап турду калайык:

“Биз ушундан кантип тирүү калабыз?”


Жан жабыла кыркып кирди теректи

(Жакшы байка, эми ушул керекпи?)

Качырады, кары терек кыйылды

Бычыратып үйүн басып жыгылды.


Улуп-уңшуп, өкүрүк да бакырык...

Баарын мында үндөп ыйлап чакырып.

Бул каргаша келди дешип кай жактан

Көрдү баары учкан куштан жашырып.


Адам өлдү, үй кыйрады бузулуп,

Алда кимден көрдү элдер кызыгып.

Чакылдаган кара таан болбосо

Ким кылмакчы?.. шектүү карайт кыйылып...


“Кара таан каргашанын белгиси”

Деген ойго жапырт эми келди ушу.

Тоо жакалай көчүп-конуп көп жүрүп,

Жамандыкты келбегендир көргүсү.


Колу менен өзү кылган айыбы

Эске келбей, башка жакта дайыны

Деген өңдүү көрүп жатты тоң кыргыз

А асманда чөкөтаандар кайыды...


Ушул күндөр, ушул тарых элдеги

Уктатпады, жанга тынчтык бербеди.

Унутулду, урпак мындан кабарсыз

Көбү билбейт түйшөлүүнү мендеги...


Жөнөкөйлүк, баёо сезим элимде

Байгерчилик, береке, кут жеримде.

Ѳткөн турмуш элестерин эскерип,

Эл оозунда айтылгандар эсимде.


Ооба, анда элге түнөп момундук

Жаңылыктан жаа бою корундук.

Акыл-сезим өнүкпөгөн убакта

Аркы-берки тагдырларга согулдук.


...Андан бери эчен жайнап көктөмдөр

Ат жалында айгай салып өткөндөр.

Аалам, дүйнө акылына баш ийген

Улуу тарых күбөсү сен КѲЧМѲНДѲР !

Бакыт Баймырзаев, Бишкек шаары, Ак Ѳргө конушу.   22.08.26.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер