Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева: “Хиджаб жеңил ойлуу сойку аялдардын кийими болгон...”

Гүлзат Аалиева: “Хиджаб жеңил ойлуу сойку аялдардын кийими болгон...”

29-январь, 13:27
11 574 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат айым коомдогу курч талкууга алынган диний “курмандыктардын” сырын ачып салды.

-- Кээ бир окуучу кыздар «бизге мугалимдер хиджаб кийгенге тыюу салып атат» деп арызданып атканына кандай карайсың?

-- Эгемен алгандан бери өлкөгө ислам дининин өз ара бири-бирине каршы 73 агымына таандык ар кыл окуулар келе берип, элдин эсин оодарды. Материалдуу (18 миң ааламдан турган жарык дүйнө) жана руханий (кайып дүйнө же трансценденттүү дүйнө) дүйнөлөрдү жасаган кудурети күчтүү Жараткан бирөө эле. Болгону аны ар кайсы тилде Адонай, Саваоф, Яхве (еврейче), Аллах (арабча), Бог (орусча), Теңир (кыргызча) деп ар кандай аташат. Жалгыз Жараткандын дини жок. Ошол себептен, миңдеген жылдык тарыхы бар кыргыз элинде Теңир – дин (религия) эмес, Теңир – ишеними (вера) болгон. Динди пенделер ойлоп чыгарса, ишеним ар бир адамдын көкүрөгүндө болот. Пенделер тарабынан ойлонулуп чыккан дүйнөдөгү баардык диндердин максаты – адамдарды кыңк эттирбей баш ийдирип, аларга үстөмдүк кылуу, өз алдынча ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк бербөө. 

-- Бул кимге керек?

-- Албетте, үстөмдүк менен бийлик керек болгондорго. Тарыхты изилдесек, эркин жана көчмөн жашоо кечирген кыргыздын кыз-келиндери эч качан оронуп-чулганып, бетин думбалаган эмес. Хиджаб алгач жеңил ойлуу сойку аялдардын кийими болгон. Касиеттүү Умай энени пир туткан кыргыз тарыхында келин болуп, күйөөсүнүн босогосун аттап барган кыз гана алгачкы ирет аппак жоолук салынган. Нарк-набаттуу апалардын ак элечеги эч качан бузулбай, алар оңго-солго баскан эмес. 

-- Гүлзат айым, бул боюнча биздин Башмыйзамда кандай эрежелер (тартиптер, принциптер) каралган?

-- Конституция боюнча Кыргыз Республикасы төмөнкүдөй принциптерге таянган светтик мамлекет: 1. Светтик мамлекетте дин жашоого укуктуу. Бирок, ошол эле учурда дин светтик мамлекеттин эл аралык, саясый, экономикалык, социалдык чөйрөлөрүнө кийлигишүүсүнө таптакыр укугу жок. 2. Дин светтик мамлекеттин мыйзамдарына баш ийүүгө тийиш. 3. Светтик мамлекетте расмий каттоодон өткөн баардык диндер тең укуктуу болуп саналышат. 4. Светтик мамлекетте расмий каттоодон өткөн бир да дин «мамлекеттик дин» макамына ээ боло албайт. 5. Кудайга ишенүү, же ишенбөө ар бир жарандын конституциялык укугу. 6. Эч ким башка адамдарга өз динин таңуулоо, ошондой эле башкалар ишенген динден баш тарттыруу укугуна ээ эмес. 7. Ар бир жаран өз динин аң-сезимдүү куракта өз эрки менен тандап алуу укугуна ээ. Ал эми бала бакчалар менен мектептер мамлекеттин социалдык чөйрөсүнө киришет. Дин бул чөйрөгө кийлигишүүгө таптакыр болбойт. Элестетиңиздерчи, Бишкек шаарындагы көп улуттуу жана ар кыл динге таандык калктын балдары тарбияланган бала бакчага биринчи күнү молдо келип баардык эркек балдарды сүннөткө отургузуп кетсе. Экинчи күнү христиан дининдеги поп келип балдарды чокундуруп салса. Үчүнчү күнү кришнаиттер келип коомдо кандай жарылуу болорун айтпаса да түшүнөт чыгарсыздар... 

-- Бул нерсени билсе да билмексенге салган кээ бир ата-энелер мугалимдерге өз дооматтарын коюшуп, “биздин кыз хиджапчан мектепке келет. Сиз буга тыюу салбаңыз!” деп өктөм, коркутуп айткандар жок эмес. Буга сиздин көз карашыңыз?

-- Мугалимдерди агрессиялуу таландыга калтырган хиджапчан кыздар – мамлекеттик мектептин окуучулары. Бул кыздар барган мектепти алардын ата-энеси эмес, мамлекет курган. Демек, мектеп – кыздын ата-энесинин эмес, мамлекеттин менчиги. Мамлекеттик мектептин мугалимдерине айлык акыны хиджабчан кыздардын ата-энеси эмес, мамлекет төлөйт. Демек, бул мектепте окуган балдар мамлекет сунуш кылган тартипке баш ийип, мамлекет иштеп чыккан мектеп формасы менен мектепке келүүлөрү зарыл. Эгерде бул кыздардын ата-энеси кызына хиджаб кийгизүүнү каалашса, анда алар кызын хиджабчан кыздар гана окуй турган жеке менчик мектепке (медресе) берип, анын мугалимдерине өз чөнтөгүнөн айлык акы төлөп турсун. Мамлекет ага каршы эмес.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер