Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков: “Өлкөбүздө дүйнө жүзүндөгү шылуундардын схемалары иштеп атат”

Мавлян Аскарбеков: “Өлкөбүздө дүйнө жүзүндөгү шылуундардын схемалары иштеп атат”

25-март, 10:43
716 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эл арасында курч көйгөйлөрдү көтөрүп жүргөн Мавлян Аскарбековду учурда көпчүлүк издеп калгандай. Азыр кандай иштер менен алектенүүдөсүң?

-- Акыркы үч жарым жыл аралыгында Биринчи Май районун акиминин орун басары болуп иштедим. Андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди коюп, аттанып, шайлоо иштери менен болдум. Ал эми кызматтан өз каалоом менен арыз жазып кеткем. Учурда өзүмдүн иштерим, ден соолук, үй-бүлөм менен алекмин. 

-- Турак жай кооперативдерине кызыккан эл да көбөйдү. Бул боюнча да маселе көтөрүп, ой бөлүшүп жүрөсүң. Элге айтар кандай пикириң бар?

-- Бул маселе акыркы 5-10 жылда аябай актуалдуу болуп, тилекке каршы, биздин мамлекетте мыйзамдын жоктугуна байланыштуу 10 миң, 100 миңдеген адамдар “кооператив түздүм, кооператив ачтым” деген шылуундарга алданып жатат. Тез аранын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени терең талдап, тийешелүү мыйзамдарды кабыл алышы керек. Ал эми элди алдап жаткан ырчы, чоорчу, тамада ж.б. баары атайын беренелер менен тийешелүү жоопко тартылышы шарт. 

Сөзсүз маалымат каражаттары тарабынан дагы биздин калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарыл. Себеби, бүгүн турак жай кооперативи эле эмес, өзүңүздөр интернеттен көрүп жаткандай, үй эмеректери, каржы пирамидалары, түшүнүксүз баддар, дарылар, косметикалар сатылып жатат. Биздин өлкөгө дүйнө жүзүндөгү шылуундардын схемаларын алып келип, элди алдап иштеп жүргөн топтор көп. 

-- Ошол эле “Ихсан” ж.б. кооперативдерчи?

-- Азыр “Ихсан” сыяктуу компаниялар тууралуу бир беткей айта албайм. Мен алардын иш кагаздарын, документтерин, каржы балансын, иштөө тартибин чынын айтканда көрө элекмин. Аны текшере турган атайын мамлекеттик органдар, каржы жаатын көзөмөлдөй турган Улуттук банк ж.б. мамлекеттик уюмдар бар. Ошолордун баары текшерип, ачыктап чыгуусу зарыл. Себеби, ал жакка он миңдеген адамдар акыркы акчасын алып келип салып, эртең көчөдө калып калуу коркунучу бар. Бир топ турак жай коопертивдеринин жүзү ачыкталып, элдин алданып калганы анык болуп жатат. Шылуундар элден топтогон акчасын сотторго, тергөөчүлөргө берип, түрмөдөн бошонуп кетет. Кечээ Оштогу S-LINE турак жай кооперативинин шылууну акчаны берип туруп, бошонуп кетиптир. Текшерүү, көзөмөлдөө иштерин тез арада күчөтүү керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер