Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азат Аламанов: “Мамлекет тарабынан эрк болбосо, Бишкек дүйнөдөгү кир шаар катары калат”

Азат Аламанов: “Мамлекет тарабынан эрк болбосо, Бишкек дүйнөдөгү кир шаар катары калат”

09-январь, 19:30
525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эколог, дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун эксперти менен маек.

-- Кыш келгени кайра эле шаарды каптаган ыш азабын тартып жатабыз. Эң башкы себебин эмнеден көрөсүз? Кантип кутулабыз?

-- Шаарды кара түтүн каптаганын салыштырмалуу түрдө карай турган болсок, жайдын күнү, жаздын кечи кара түтүн каптаганы анчалык билинбегени менен бул көбүнесе шаарды курчап турган жеке үйлөрдүн кыштан чыгуу аракетинин натыйжасы деп түшүнөм. Анткени көбү буга чейин электр кубаттуулугу менен үйлөрүн жылытып келген. Акыркы жылдары энергетика тармагы да жакшы эмес. Электр энергиясынын да кубаттуулугу азайгандыгына байланыштуу ар кандай жылуулануу ыкмаларын колдонуп келишет. Себеби, ар ким эле газ колдонуп же сапаттуу көмүр колдонууга мүмкүнчүлүгү жок. Баарыбызга маалым болгондой, колунда жоктор эски дөңгөлөктөрдү, тигүү цехтеринин калдыктарын пайдаланышат. Кыскасы, күйө турган нерсенин баарын жага бергендиктен абага көп уулуу заттар, ыш бөлүнүп чыгып жатат. Муну ошонун негизи деп түшүнөм. 

Бирок, жалгыз эле себеби ошол деп айткандан да алысмын. Автоунаалардын да көптүгүн байкасак болот. Бишкек шаарында 10-15 жыл мурун бүгүнкүдөй тыгындар болгон эмес. Ал убакта тыгын пайда болуп калса, “Москва болуп баратабыз” деп тамашалап калчубуз. Азыр эл жумушка бара жатканда же келе жаткан маалда жолдо жүрүү тапткакыр мүмкүн эмес болуп калды. Демейде 10-15 мүнөт кетире турган аралыкты тыгын учурунда бир жарым, эки саатка чейин өтүүгө туура келип жатат. Ошончо унаа топтолуп алып от алып турат. Ошонун баарынын бөлүп чыккан түтүнү абага тароодо. Мамлекет тарабынан альтернативалуу энергетиканы колдоо кылып, пайызсыз кредит же кайтарымсыз каражат бөлүп берип, элдин жашоо турмушуна кеңири таратып аракет кылганда гана жылыштар болбосо, учурда беш-алты баласы менен үшүп отурган кишиге абанын булганып жатканы да мааниге ээ болбойт. Алар эптеп кыштан чыгып кетүү амалын гана ойлошот. Аларды ар кандай айыптар, салыктар менен коркута алышпайт. Орусча айтканда, выживание амалдары болуп жатат. Мамлекет тарабынан эрк, чечкиндүү кадамдар болбосо, Бишкек калаасы дүйнөдөгү кир шаарлардын бири болуп кала берет. Күн жылый калса эле аба тазара түшкөнүн маалымдашат. Кыш келгенде кайра алдыга озобуз. Себептери жогоруда белгилегендей үйлөрүн жылытышат, унаа тыгындары ж.б. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер