Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Венера Акматова, профессор: “Байлыктарды мамлекетке тартып алуу – утурумдук пафос!”

Венера Акматова, профессор: “Байлыктарды мамлекетке тартып алуу – утурумдук пафос!”

19-декабрь, 19:30
530 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Венера Сайпидиновна, өкмөттүн экономикалык стратегиясы купулуңузга толуп жатабы? 

-Ачык айтыш керек, өкмөттүн так, ачык-айкын экономикалык стратегиясы болбой атат. Аны көзөмөлдөп, баа берип, кетирген кемчиликтерин айтып турган күчтүү, компетенттүү Жогорку Кенеш болушу керек эле. Тилекке каршы, азыркы ЖКнын чама-чаркы чакталуу экени баарына белгилүү.

-- Өкмөт казынаны толтуруп жатканын айтып мактанууда. Бирок, карапайым эл кымбатчылыктын сазына батып, казынанын кампайганын сезе элек. Өкмөт өнүгүп атабыз деп байма-бай айтканы менен жакырчылык күч алууда. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

-- Өкмөт өзүнүн экономиканы көтөрүү жаатындагы иш-аракеттерин жакшылап иштеп чыга албай атканын ККМдин тегерегиндеги акыбал даана көрсөтүп койду. ККМди киргизүүдөн мурун Кыргызстандын азыркы соода-сатык шартын жакшылап иликтеп чыгышса болмок. Экинчиден, ар бир кадамын элге түшүндүрүп, жеткире билиши керек эле. “Тобокелчилиги эмнеде? Кирешеси кандай болот?” деп.

Тамак-аш, күнүмдүк керектелчү товарларга баанын өсүшүн эч ким көзөмөлдөгөн жок. Антимонополия мекемесинин бар-жогу деле билинбейт. Комплекстүү бириктирилген бюджеттин жалпы суммасы, албетте, кулакка жагымдуу, бирок баалардын өсүшү менен калың элдин жашоо тиричилигинин оорлошу – бул конкреттүү жана экономиканын болгон акыбалынын ачык-айкын индикатору. Ошондуктан өкмөттүн өнүгүү жөнүндөгү билдирүүсү менен элдин күнүмдүк тирлиги "халва, халва дей бергенден оозуң таттуу болуп кетпейт" дегенди билдирип турат.

Элдин жашоосу оңолсун дешсе, майда, орто ишкерликти колдоп, шарт түзүү зарыл. Кытай, Япония сыяктуу бакубат жашаган өлкөлөрдүн деле негизги кирешелерин ошолор табат. Бир нерсе өндүрүп чыгара турган ар кандай ишканаларды ачып, иш орундарын көбөйткөнгө күч жумшашса, келечектүү болот эле. Антпесе, байлыктарды мамлекетке тартып алып коюу – утурумдук пафос! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер