Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Июнь окуясы: бийликти сындагандар кысымга алынып, түлкүдөй мант бергендер бапестелүүдө

Июнь окуясы: бийликти сындагандар кысымга алынып, түлкүдөй мант бергендер бапестелүүдө

26-май, 19:42
847 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КандайчаИюнь окуясына байланыштуу талкуу талаш жаратууда. Убактылуу өкмөттүн тушунда Бектур Асанов Жалал-Абад облусунун губернатору эле, учурда оппозиционер, кылмыш иши козголду. Ал эми ошол кездеги Оштун губернатору Сооронбай Жээнбековго, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго карата мыйзам кыйгап өтүп, экөө сакталып калабы? Калыстык кайда? Агездеги ИИМдин орун басары Бактыбек Алымбеков айыпталып атат да, Мелис Турганбаев сүттөн ак сымал жашындыбы? 2010-жылдагы 7-апрелден кийин коопсуздук кеңешинин катчысы болгон Марат Иманкуловдун жоопкерчилиги кайда? Бүгүн да ошол кызматты ээлеп отурганы үчүн көз жумду кылындыбы? Деги кандайча түшүнөбүз? Бири-бирине чырмалышкан кызмат адамдары алдыртан эле “ак”, “карага” ылганып, каалагандай калчана береби? Албетте, олуттуу суроолор арбын. Башкы прокуратура элди ынандырышы үчүн Июнь окуясына адилеттүү таризде тергөө жүргүзсө болбойт беле? Же бийликти сындагандар кысымга алынып, түлкүдөй мант бергендер бапестелеби? Тарых үчүн мыйзам баарына бирдей экенин эсибизден чыгарбасак! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер