Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турмушка чыккандан бери жүрөгүм ташка айланып, муздап калдым

Турмушка чыккандан бери жүрөгүм ташка айланып, муздап калдым

08-ноябрь, 17:42
1 320 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмушка чыккандан кийин акырындап жүрөгүм таш болуп калды. Башында, секелек кезимде менден жашык, менден ыйлаак кыз жок эле го. Бактылуу жашоону, сүйүүнү элестеткен бала күндөр ай! Ошол күндөргө кетип, кайра башкача жашоо баштагым келет. Эми баары кеч болгондо, кызым турмушка чыгайын деп, уулум үйлөнгөнү калганда кайдагы башка күндөр, башка жашоо?! 

Кунары качкан жашоомдо канча ирет күйөөмдөн запкы көрүп, жылаңайлак кар тебелеген, карда издерим калган күндөрүм болду. Үч ирет колум сынып, кайра бүттү. Бирок жүрөгүмдүн жарасы бүтпөй калды. Акырындап ташка айланды. Муздак, кунарсыз кайран жүрөк. Эмнеге мынча баарына чыдаганыма таңгалам!

Эми кеч. Өмүрүмдүн акырына чейин аргасызмын. Өз өмүрүңөр үчүн жашыңардан күрөшкүлө!


Жийдегүл 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер