Нариман Түлеевдин өркүндөп аткан бизнеси тазабы?


Негизи Нариман Түлеев кыйын экен. Учурда ташы өйдө кулап, бизнестин битин сыгып аткан чагы. 11-кичирайондогу көп кабаттуу “Дастан Сити” турак жай комплекси курулууда. Жакынкы жылдары асман тиреген үйлөр, бизнес борборлор жаркырап бүтмөкчү. Ал жердин аянты 10 гектарга чукул экени айтылган. Эмне деген миллиондорду айландырууда?
Андан сырткары, Чүй проспектисин (Совет-Шопоков көчөлөрүнүн аралыгын) тосуп алып, ири бизнес долбоорун ишке ашырууда. Шаарда автотыгын көкөйгө көк таштай тийип жатканда, Нариман мырза чоң көчөнүн бир бөлүгүн ээлеп алып, келечекке карай ишин жандандырган кербези. Тапкычтыгын карачы?
Булардан башка да бизнестери өркүндөп-өсүп, азыркы кезде Кыргызстандын эң алдыңкы байларынын катарынан орун алууда. Кызганыч жок. Эгерде колунан келсе, жасаган иши мыйзамдуу, негиздүү болсо, эмнеге бут тосулмак эле? Бирок, биздеги бир практиканы эстетип коёлу. Бийликке жакын жүргөн ишкерлер адатта убакыттын өтүшүнө карай талданып, кылган иштери тергелип, азапка калчу эле го? Ондогон, жүздөгөн байлар камалып-чыгып, “кусуп” келатканын көрүүдөбүз... Мындай кордукту убагында Нариман Түлеев да башынан өткөргөн. Өзү түрмөгө кесилип, үй мүлкү, байлыгы мамлекетке алынганы эсибизде. Кийин кайра кайрып алганы айтылган. Кыскасы, мезгил баасы келечекте берилсе керек...
"Азия Ньюс" гезити











