Рашид Бекбасаров: “Бул шайлоодо мамлекеттүүлүккө эч кандай шек келбейт”
-- Ош шаарында алдын ала добуш саткан шектүүлөр кармалды. Баягы эле көрүнүш кайталанып, шайлоолор жокко чыгарыла берсе, мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келбейби?
-- Шайлоочулардын саны азыраак болот, демейдегидей шайлоо өтөт. Баары өз нугунда. “Шайлоо өзгөчө мыйзамдарды бузуу, акыйкатсыздык менен коштолот” деген куру кыйкырык. Стандарттык режимде өтөт. Баардык болгон шайлоонун талаптары аткарылууда.
Бирин-бири айыптап, жалаа жаап, түркүн сөз тараткан демейдеги көрүнүш кайталана берет. Атаандаштык болмоюн шайлоону элестетиш кыйын. Мамлекеттүүлүккө шек келбейт. Бул жергиликтүү шайлоо. Кайталап өткөрүү мыйзам ченемдүү көрүнүш.
-- Жогорку Кеңешке шайлоо качан болчудай? Сиздин божомолуңуз?
-- Жогорку Кеңештин шайлоосу качан болорунун датасы мыйзамда жок. Биринчи мыйзам кабыл алынып, ошонун негизинде шайлоонун датасы белгиленет. Бизде эми 90 депутат шайланат. Алардын иш тартиби, регламенти ошолордун баарын аныктай турган мыйзам керек. Анын баары аныкталгандан кийин шайлоонун качан болору маалым болот.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити