Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Сүйдүм” десем Элмирбекти, мени чоочуй карашат...

“Сүйдүм” десем Элмирбекти, мени чоочуй карашат...

23-апрель, 14:57
1 032 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Элмирбекти жоготконуна эл өксүп, жүрөктөгү өксүктөрүн ырга айландырышууда. Алардын бири Айнура Мамытова төмөндөгү ырды жараткан.

“Сүйдүм” десем Элмирбекти,
Мени чоочуй карашат...
Өлгөнүнө көңүл чөктү,
 Шылдың кылган адашат...

Кантип сүйбөй койсо болот,
Шыңгыр булак жигитти...
Сезими ойноок, жеңил ойлуу,
 Көптү сүйгөн жигитпи?!

Сүйсө, сүйсүн Элмирбектей,
Арзуусуна суктандым...
 
Ар тарабы эталондой,
 Жүрөк жибийт уккандын...

Төрт тарабы, төп келишкен,
Сүйкүм жүзү жаркырайт...
Мээрим толгон көкүрөгү,
 Карегинен чачырайт...

Жакын жактан бет алышып,
Көрбөсөм да, көргөндөй...
Касиети ооздон чыгып,
 Ыры көктөн төккөндөй...

Жасалма ыр курабаган,
Адамдыгы бийик чеп...
Сый-урматы аялзатка,
 "Аруузаты" узун кеп...

Мен да сүйдүм Элмирбекти,
Кыргыз кыздын бирөөсү...
Карегимде калып калды,
 Кайталангыс нур өңү....


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер