Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Абылгазиев иш жүзүндө президентти жаманатты кылууда”

“Абылгазиев иш жүзүндө президентти жаманатты кылууда”

30-май, 10:18
751 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев радио жыштыктарды сатуудагы коррупцияга байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыкты. “Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок, тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алдым” деди Абылгазиев. Биз ушул боюнча коомдук жана саясый ишмерлердин оюн угуп көрүүнү эп көрдүк.


Максат Чакиев, коомдук ишмер:

-- Жакында парламентте кыргыз радиолорунун жыштыктарынын сатылышы боюнча чуулгандуу кабарлар айтылып чыкты. Мындай жагымсыз окуяга “премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин тийешеси бар” деген да маалымат коомчулукка калкып чыкты. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, бекеринен эмес чыгар. Эми, албетте, тергөө жана укук коргоо органдары териштириш керек. Мыйзам чегинде, мамлекеттик деңгээлде жыйынтыктоочу сөздөрүн айтуу абзел. Чын-чынына келгенде, өтө арзан, итбекер  кеткени көп суроолорду жаратууда. Салыштырмалуу Россияда аукционго коюлган радио жыштыктардын старттык баасы 500 миң рублден башталып, 250 млн. рублге чейин жетет. Ушундай эле өңүттө “Кыргызгаз” ишканасы да убагында бир сомго сатылып кеткен. Жеке оюмда өтө туура эмес болуп калган. Ошол сыңары, азыркы радиотеле жыштыктардын арзан баага сатылып жатканы чоң суроо жаратууда. Күтө туралы, “кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, жакынкы күндөрү бул суроо ачыкка чыгып калат.


Урмат Акунов, жарандык активист:

-- Бул жерде премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин радио жыштыктары боюнча эле эмес, “КТ Мобайл” боюнча да шек жараткан иштери прокуратурада келатат. Мындан сырткары, гуманитардык жардамдар боюнча да айланасында жүргөндөрдүн шектүү иштери коомчулукта айтылып, жазылып жатат. Мунун баары такталып аткан учурда премьер-министр жумушун таштай качып, эмгек өргүүгө кетиши туура эмес. Бул түздөн-түз жумуштан колун бошотуп, ошол прокуратура жактагы тергөө иштери менен толук кандуу алек болуу катары эсептейбиз. Анткени өлкөдө кыйчалыш мезгил, пандемия апааты биринчи орунда турган кезде өлкөнү кароосуз калтырбаш керек эле. Анча болду арызын жазып, биротоло жумуштан кетсе, биз туура түшүнмөкпүз. Эми прокуратура “адилеттүү чечим чыгарабыз” дешсе, премьердин өргүүсүнө карабай, тергөөсүн тергөөдөй, ишин иштей алып баруусу кажет. Жок, аягы келип “КТ Мобайлдай” мунун баары токтоп кала турган болсо, анда “прокуратура өзү да таза эмес” деп эсептейбиз жана бу боюнча “прокуратура премьерге сатылды” деген сөз моюндарына тагылат. Азыркы күндө кандай иш болсо деле аягы барып президентке “шыбап” коюу менен кутулуп атышат. Президентке колуна кол, бутуна бут болгон киши болбой жатат. Премьер баш, парламент төш болуп өз билген намаздарын окушуп, жаманаттысы президентке тийүүдө.


Камила Талиева, коомдук ишмер:

-- Премьер-министрдин убактылуу эмгек өргүүгө чыкканы боюнча коомчулукта эки ача пикир жаралып жатканынан кабардармын. Бирөөлөр чыр маселе боюнча калыс жана объективдүү иликтөө болорун айтышууда. Мен бул пикирге түп-орду менен кошулбайт элем. Себеби, премьер-министр кызматтан кеткен жок. Демек, кандай болгон күндө да бийлик колунда, башкара алат. Кырдаалды көзөмөлдөп турат. Эгерде чындап эле калыс, объективдүү иликтенсин десе, убактылуу болсо да кызматтан кетип туруу кажет болчу. Тарыхта мындай учурлар болгон. Бир кезде Өмүрбек Бабанов кетип турбады беле? Мухамметкалый Абылгазиев анткен жок. Бул жерде бир мандем бар. Тикелейби же кыйыр түрүндөбү, катыштыгы болушу ыктымал. Буга чейинки “КТ Мобайл” чыры эмне болду? “Бажа гейт” делип, ошол маселе да аягына чейин иликтенбей калбадыбы. Бажасынын баласын орноштуруп, мамлекеттин акчасын оңго-солго, максатсыз, баш-аягы жок колдонгонун элдин баары эле билет да. Ошол эле “бажа гейттин” уландысы десек болот. Ал жерде эч ким жазага тартылган жок, “кар жаады, из басты”, же “жабылуу аяк жабылуу бойдон калды” дегендей кала берди. Премьер-министр кызматта турганда, бул иштер эч качан иликтенбейт. Качан гана кызматтан кеткенден кийин “быкы-чыкысынын” баары калкып чыгат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер