Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас таануудагы жаңы демилге

Манас таануудагы жаңы демилге

20-март, 09:00
408 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында профессор Советбек Байгазиевдин Манас таануу боюнча көп жылдык изилдөөлөрүнүн натыйжасы катары 8 чакан томдуктары жарык көрдү. Бул «Манас» сериясы президент Садыр Жапаровдун «Манас», «Улуттук нарк жөнүндөгү» жарлыктарын турмушка ашыруу максатында басылып чыкты. Бул китептер мурда да бир-бирден жарык көрүп, билим-тарбия системасында колдонулуп келген. Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында И.Арабаев атындагы университетте мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун катышуусу менен өзүнчө комплект болуп чыккан 8 томдук «Манас таануу» талкууга алынып, илимпоздор тарабынан жогорку баага арзыды. Төмөндө 8 китептин ар биринин кыскача мүнөздөмөсү менен окурмандарды тааныштырууну туура таптык. 


1-китеп: Улуу Манас баатыр – урпактардын патриоттук идеалы

Бул китепте улуу «Манас» эпосунун өзөгүндө жаткан көөнөрбөс рухий, адептик-ыймандык, идеялык-философиялык, патриоттук, мекенчилдик нарк-дөөлөттөр, баалуулуктар, Манас атанын жана анын чоролорунун өмүр-жашоодо, күрөштө колдонгон, тутунган моралдык-этикалык жол-жоболору, ыймандык эрежелери, атуулдук-жарандык идеалдары, бир сөз менен айтканда, «Манастын» адеп-ахлагы кыска-нуска мисалдар менен чечмеленип, талдалып берилген. Бул баалуулуктар эгемендүү Ата журтубуздун рухий фундаменти болуп эсептелет. Китеп өлкөбүздүн жарандарына, жаштарга, мектеп мугалимдерине, окутуучуларга, тарбиячыларга, студенттерге, ата-энелерге жана жогорку класстын окуучуларына арналат.


2-китеп«Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан» акылман Бакай

Советбек Байгазиевдин бул китебин жаңылык китеп десек жаңылшпайбыз. Анткени окумуштуунун бул эмгеги улуу “Манас” эпосунун борбордук каармандарынын бири акылман Бакай жөнүндөгү Кыргызстандагы биринчи китеп. Китепте “капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан” Бакайдын акылмандык касиеттери, адамдык улуу сапаттары, мекенчилдик нарк-насили, дипломаттык устаттыгы аңгемеленет. Анын Манас баатыр менен болгон улуу достугу, аны менен бирге Ата журттун эркиндиги, кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жүргүзгөн каармандык күрөшү, көрсөткөн жоокердик-баатырдык эрдиктери, моралдык-этикалык философиясы, сүйүүсү, баштан кечирген драмалары жана жеңиштери, даанышмандын образынын жалпы адамзаттык мазмунун жана тарбиялык мааниси жөнүндө эпостун сюжеттик окуяларын жана фактыларын кеңири аналитикалык талдоолордун негизинде алгач жолу кең-кесири жана ынанымдуу сөз болот.


3-китепКаныкейдин улуу махабаты жана анын образынын руханий-адептик, патриоттук сабактары

Автордун бул эмгегинде Айкөл Манастын жары, калк энеси Каныкейдин руханий, адептик-ыймандык жана патриоттук сабактары, кайталангыс ак жаркын касиеттери, махабаты эпостун сюжетинен алынган кеңири мисалдардын негизинде далилдүү жана терең ачылып берилет. Чынында эле Каныкей алатоолук кыздар үчүн асыл өрнөк, идеал. Ошондой эле бул китепке Чыңгыз Айтматовдун «Манас» эпосу жөнүндөгү залкар ойлору, талдоолору, улуу эпосту дүйнө жүзүнө даңазалоодогу ролу жөнүндөгү эмгек да жайгаштырылган. 


4-китепАлп Кошой – даанышмандыктын, улутмандыктын жана мекенчилдиктин өрнөгү

Эмгекте кыргыз баатырынын империянын алп балбаны, каардуу Жолойду кантип жеңгени, карыя Кошойдун патриотизми, мекенчилдиги, улутмандыгы, руханий каармандыгы, намыскөйлүгү аналитикалык талдоолор аркылуу ачылып берилип, анын төгөрөктүн төрт бурчунан келген калайык-калктардын көзүнчө «кылым таймашында» ээ болгон кайталангыс жеңиши, анын бүгүнкү күндөгү тарбиялык мааниси тууралуу кеп болот. С.Байгазиевдин китеби «Манас» эпосунун жеңе билүү философиясын даңазалагандыгы менен баалуу.

Китептин 2-бөлүмүндө Эр Кошойдун эл-жеринин боштондугу үчүн болгон баатырдык күрөшү, анын шер Манастын тагдырында ойногон ролу, жоокердик бийик этикасы, инсандык адеп-ахлагы, руханияты, акылмандыгы жана интернационалдык өрнөгү ишенимдүү талдоолор аркылуу ачылып берилген. 


5-китепАлмамбет баатырдын чындыкты, акыйкатты издөөсү

Бул китепте «Манастын» айтылуу каарманы Алмамбет баатырдын эпикалык өмүр таржымалы, чындык, акыйкаттык, адилеттүүлүк үчүн күрөшү, адеп-ахлактык сабактары, эрдиктери, Манас менен болгон достугу, кыргыз элине кылган ак кызматы, анын жоокердик кыйын-кезең замандагы адамдык трагедиясы тууралуу баяндалат. Баатырдын руханий изденүүлөрү, драмалуу тагдыры этикалык өңүттөн талдалат жана чечмеленет.

Китептеги «Алмамбет баатырдын кытайдагы триумфу жана трагедиясы» аттуу дискуссия-диалог формасында жазылган бөлүмдү «Манас таануу» сабактарында “Сахна-сабак” катары пайдаланса болот. Китепке «Манастын» идеологиясы, рухий баалуулуктары, нускалары, башкы каармандардын улуу сабактары жөнүндө материалдар да жайгаштырылган.


6-китеп«Манас» эпосун эл оозунан жыйноонун жана изилдөөнүн тарыхы

Мектептердин жана жогорку окуу жайларынын окуу программаларында “Манас” эпосун эл оозунан жайноонун жана изилдөөнүн тарыхы” аттуу темалар орун алган. Бул китеп ошол маанилүү темаларды кеңири чечмелеп, түшүндүрүп берет. Тарыхый-архивдик, маданий-адабий, фольклордук фактылардын негизинде “Манастын” эл оозунан жыйноонун жана китеп болуп чыгышынын узак тарых-таржымалы системалуу түрдө баяндалат. Ал эми улуу эпосту изилдөөнүн тарыхы да өзүнчө маанилүү. Автор Европа менен Азиянын, КМШнын, Кыргызстандын окумуштууларынын изилдөөлөрүндөгү “Манастын” мазмуну, маани-маңызы, философиясы, поэтикасы, эпостун келип чыгышы, тарых менен болгон байланышы, образдар системасы, руханий баалуулуктары жөнүндөгү кызыктуу жана терең ой-пикирлеринин мозаикасын көз алдыбызга тартат. Бул китепти окуп чыккан адам “Манас” тууралуу өзүнчө бир кино журналдардын сериясын көрүп чыккандай болуп, улуу мурас жөнүндөгү маданий дүйнө таанымы кеңейип, мекенчил сезимдерге бөлөнбөй койбойт. 

       

7-китеп“Манас” эпосунун педагогикасы

Бул китепке Советбек Байгазиевдин айкөл Манас атабыздын балалык дооруна талдоо салган педагогикалык макалаларынын цикли жайгаштырылган. Манастын бала катары өзгөчөлүгү эмнеде болгон? Күйүп турган чок болуп, жалындаган от болуп турган тентек баланын ашып-ташкан энергиясын устаттар эмнеге, кандай максатка багыттап тарбиялашкан? Алтайда Манастын алгачкы тарбиячылары кимдер болушкан? Алар Манастын Манас болушу үчүн кандай тарбия амалдарын колдонушкан? Бала Манас тарыхый эстутумга, эмгекке, аскердик-жоокердик өнөргө, мекенчилдикке, патриотизмге кантип тапталган? Анын гениалдуу акыл-эси, аң-сезими кантип эртелеп ойгонгон? Дегеле “Манас” эпосунун бала жөнүндөгү педагогикалык философиясы кандай? Окурмандар китептен ушул өңдүү суроолорго жооп таба алышат жана улуу “Манас” эпосунун чыныгы этнопедагогикалык казына экендигине дагы бир жолу күбө болушат. 

С.Байгазиев эпикалык тексттерге, анын подтексттерине, саптардын арасына катылган логикага, көмүскө “коддорго”, сюжеттик фактыларга таянып, Акбалта, Чыйырды, Ошпур, Жакып сыяктуу тарбиячылардын ролун аныктап, Айкөл шердин – келечектеги кыргызды кулчулуктан куткаруучунун тарбиялануу сырларын, жарандык жетилиш жагдайын чечмелеп, ачып берген. 


8-китеп«Манастын» арстандары жана даанышмандары

Социологиялык сурамжылоолор, анкеталык изилдөөлөр, тест жолу менен сыноолор жарандардын, жаштардын кыйласынын улут сыймыгы – “Манас” эпосунун сюжетин системалуу билбегендигин, билсе да билими үзүл-кесил экендигин, эпостун башкы каармандарын айтып, мүнөздөп бере албагандыгын ачыктап келет. Ушул жагдайды эске алып, колуңуздардагы китепке “Манас” эпосунун кара сөз түрүндөгү кыска-нуска сюжети жайгаштырылган. Ошондой эле улуу эпосубуздун борбордук каармандарынын образдары чечмеленип, талдалып берилген. Борбордук каармандардын ак калпак кыргыз эли, Ата журт үчүн жасаган эрдиктери, тутунган рухий, адеп-ахлактык жоболору, көздөгөн мекенчил идеалдары окурмандарыбызды патриотизмге, ар-намыстуулукка шыктандырат деген ойдобуз. 

Китептер бардык окурмандарга, калың журтка арналган. Улут сыймыгы болгон океандай эпостун баалуулуктарын жана образдарын чечмелеп, талдап түшүндүргөн Советбек Байгазиевдин 8 томдугу окурмандарды улуу мурасыбызга жакындатып, мектептердеги жана жогорку окуу жайларындагы «Манас» сабактарынын таяныч куралы болуп каларында шек жок. 


 Б.Бейшенбаева, Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер