Надира Жусупбекова: “Пионерлердин мааракесине байланыштуу телефонограмма министр менен кеңешилген эмес”

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык мааракесине байланыштуу телефонограмма боюнча түшүндүрмө берди.
«Ушундай иш-чараны уюштурууну көздөп жатабыз, тарыхыбызды унутпайлы, көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранам» деп бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча төрайымы Жаңыл Түмөнбаеванын мамлекеттик катчыга кайрылуусунун негизинде мен бул телефонограмманы жөнөткөм. Арабызда ошол доорду башынан өткөргөн аталарыбыз, апаларыбыз бар. Алардын акыл-эсинен бул пионердик доорду өчүрө албайбыз. Башка учурдагы юбилейлик даталарды белгилеп келгенибиз сымал, бул датаны да эч кандай саясый, идеологиялык максаты жок эле белгилеп коюу үчүн жиберилген.
Бирок, тилекке каршы, министр менен, жалпы жетекчилик менен кеңешпей туруп жибергеним үчүн кечирим сурайм. Туура кабыл алууңуздарды өтүнөм” деп жазат министрдин орун басары.
Эскерте кетсек, социалдык тармакта билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын колу коюлган документ тараган. Ага ылайык, бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык мааракесинин алкагында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө иш-чараларды өткөрүү тапшырылган.