“Балтыр бит башка чыгат” же Абдил Сегизбаев бирди көргөнү калдыбы?
Бети жок адам ушундай болобу? “Балтыр бит башка чыгат” демекчи, Абдил Сегизбаев моралдык жагын ойлобой, кылмышка “шектүү” экенине карабай президенттик шайлоого аттанды. Убагында УКМКны башкарып турганда ондогон саясатчыларды камап, Алмазбек Атамбаевге таянуу менен репрессия жүргүзгөн. Садыр Жапаровго балдарын, биртууганын кошуп каматканы, сабатканы белгилүү. Кордукту ченебей көрсөткөн. Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Тойгонбай Калматов, Канатбек Исаев ж.б. коомдук ишмерлерди түрмөгө тыктырып, саясый куугунтук кылганы эсибизде.
Ал эми Кой-Таш окуясынын астында Атамбаевге күйүмүш этип, бука союлганда жетип барып, тымызын бийликке иштегени жалганбы? Дегенибиз, баардык саясатчылар, тарапташтар камалса да Сегизбаев эркиндикте калган. (Резина окко калтасын тештирип алганын эсепке албаганда.) Эки фронтко ойноду беле?
Ток этери, Сегизбаев убактылуу талапкер катары кол тийбестикке ээ болгону менен акыры жазасын алары шексиз. Ондогон адамдардын убалына калганы, бай-манаптай жашоо кечиргени кечиримсиз. “Мыйзамсыз баюу” беренесин буга колдонсо да жарашмак. Мамлекеттик жогорку кызматтарда жүрүп, эсепсиз байлыкка кайдан жетти? Мыйзамды туу туткан өлкө болгонубузда, бул эргул эчак эле камалып, жазасын өтөп атмак да, туурабы? Тилекке каршы, амбициясын ашынтып, эми президенттик шайлоого талапкер катары катталып, коомчулуктун кыжырын кайнатып отурат. Бирди көргөнү калдыбы?..
Aryba.kg