Акыркы кабарлар
» Коом » Кочкоровду ашыкча мактап, аңга түртүп аткан жоксуңарбы?
Кочкоровду ашыкча мактап, аңга түртүп аткан жоксуңарбы?
12-февраль, 00:48
632 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри катары Улукбек Кочкоров иштеп атат. Учурда кызматы бар. Эртеби-кечпи аткарган жумушуна жараша эл баасын берет. Азырынча айга-күнгө теңөөнүн мааниси не? Кызыгы, кайсы жерде кресло бошой калса эле алабарман пиарщиктери ошол жерге “кудалашып”, сүрөөнгө алмай адат таап алышыптыр! Таңгаласың. Кочкоров азыр министр болуп отурат, мындан жогору премьер-министр, президент да. Кайда шашат? Биринчи социалдык көйгөйлөрдү чечип, иши менен элге көрүнсүн, андан соң пиар кылгыла. Жөнү жок эле Кочкоровду мактай берсеңер, аягы аңга тыгып албайсыңарбы? “Кыбыраган кыр ашат” дегендей, кичине тизгинди тарта жүргөн да эп го?..
Aryba.kg