Акыркы кабарлар
» Саясат » Рыскүл Акимжанова Эверестти багындырганын үйдө калган күйөөсү кабарлады
Рыскүл Акимжанова Эверестти багындырганын үйдө калган күйөөсү кабарлады
29-май, 22:40

Ишкер Рыскүл Акимжанова Эверест чокусун багындырганын үйдө калган күйөөсү Эмил Токтошев жетине албай кабарлады. Буга чейин тоолорду кезип жүрдү эле, акыры машыгуулардын үзүрү менен дүйнө бийиктигине чыкканына баракелде! Ар тараптуу айым экен. Бизнес кылып, үй-бүлөсүн да багып, эри Эмилди элге кошуп, депутат кылып, кыйындыгын турмуш жүзүндө далилдеп отурат. Күч-кубаты арта берсин! Айтмакчы, аз күн мурда Эверест чокусуна 54 жаштагы Асел Байбагышева да чыгып, атагы алыска тараган эле. Негизи кыргыз айымдары күчтүүлүгүн, чыдамкайлыгын көрсөтүшүүдө.
"Азия Ньюс" гезити