Башкы прокуратура тарабынан козголгон 25 кылмыш ишинен Султанов менен Айтбаев буйтап кетеби?


Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин кызматкерлерине башкы прокуратура тарабынан 25 кылмыш иши козголгон. Учурда сурак жүрүп атканы кабарланды. Кызыгы, ошол кылмыштарга карата тийешелүү жетекчилер эмнеге суралбайт? Мыйзамсыз иштерди козготуу, фальсификациялоо жагынан Улан Султанов менен Улан Айтбаев буйтап кетишеби? (Агездеги Октябрь РИИБнин начальниги жана орун басары). Териштирүү адилеттүү таризде жүрсө, баары ушул эки эргулга барып такалбайбы? Же баягы эле карапайым кызматкерлер күнөөлүү боло береби? Кыскасы, дал ушул жагын тыкыр көзөмөлгө алуу кажет. Башкасын айтпасак да, 2015-жылдан берки архивди көтөрөлү: кылмыш кылбаган адамдарга козголгон иштер, жалган арыздар, кайра кыскартылганы, мыйзамсыз токулгандары, айтор, арылай берсең баары бардак... Андагы жетекчилер жооп береби? Жогоруда эскертип койдук да...
"Азия Ньюс" гезити











