Аскар Бешимов, дипломат: “Сапарларда убадалар берилди, үмүт пайда болду”

-- Аскар мырза, Садыр Жапаров Россия, Казакстан, Өзбекстанга барып, алардын президенттери менен кезикти. Эл аралык карым-катнашта көтөргөн кайсы маселелери жеке сизди ынандырды жана дагы кайсы маселелер чийки калгансыды?
-- Бул иш сапарларды бетачар катары айтсак болот, жарашат. Биздин президент Кыргызстанда белгилүү саясатчы болгону менен эл аралык айдыңда анча таанымал эмес. Муну баарыбыз билебиз. Ошол өлкөлөрдүн президенттери жана жогорку кызмат адамдары менен жолугушуп, көз караштарды аныктап алуу процесси жүрөт. Кыргызстандын бул өлкөлөр менен абдан көп көйгөйлүү маселелери бар. Аны биринчи жолу бара калып эле эки тараптуу чече коюш оңойго турбайт. Бирок, бул сапарларда жалпысынан сөз болуп, ар кандай тапшырмалар бири-бирине берилди. Азырынча айтуу кыйын: “жетишкендик”, же “чийки болду” деп. Алдыда макулдашуларды ишке ашырыш керек. Убадалар берилди, үмүт пайда болду. Күтө туралы...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити