Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сөөгү кайра казылган келиндин эжеси оор окуяны айтып берди

Сөөгү кайра казылган келиндин эжеси оор окуяны айтып берди

29-декабрь, 12:02
1 699 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Асынып каза болду” делген келиндин атасы соттордун өкүмүнө нааразы болуп, президентке кайрылды.

2019-жылдын апрель айында өз үйүндө асынып каза болду делген келиндин ата-энеси жана жакындары сотторго нааразы болуп, 28-декабрь күнү АКИпресс-Ошто маалымат жыйын курушту. Алар Кара-Суу райондук соту жана Ош облустук соту күйөө баласына аз мөөнөттө жаза чектегенине нааразы. Маркум келиндин атасы Кылычбек Юсупбаевдин айтымында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, кызы сабалганы маалым болуп турса да, сот адилеттүү чечим чыгарган жок.

«Мен дыйканчылык кылып жашайм. 11 жашымдан жетим калып, окуган эмесмин. Кой багып чоңойгон баламын. Ошондуктан мындай нерселерди жакшы билбей, уттуруп жатабыз. Эгер билимдүү болгондо, ушундай иштерге жол бербейт болчумун. Экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Бир эмес, үч экспертизанын жыйынтыгы бар. Каракуш мээге урган, дагы башка жерине урганы боюнча экспертизада айтылган. Ошого карабастан райондук сот, облустук сот туура эмес, адилетсиз чечим чыгарды. Менин акыркы үмүтүм Садыр Нургожоевичте калды. Урматтуу президент, биздин ишти адилеттүү карап бериңиздер!» деди К.Юсупбаев.

Ал эми Кылычбек Юсупбаевдин бир тууган эжеси Турду Юсупбаева маркум келиндин денесин жуу жөрөлгөсүнө катышкан. Ошол убакта анын денесинде көгала тактар байкалганын айтат.

«Кыздын денесин алып барганда мен бар элем. Бешенесинде буттун изи бар эле. Чачтарынын арасында да көгала тактар бар болчу. Эч ким унчукпаганынан улам мен да унчукпай, ошо кезде тополоң кылып, шерменде болбоюн деп кала бергем. Башынын артын кармасам жумшак болуп калыптыр. “Эмне үчүн мындай жумшак?” деп таңгалып койдум эле. Көп жеринде көгала тактар бар болчу. Бир колу артка кайрылган боюнча түз болбой калыптыр» дейт Т.Юсупбаева.

“Турмуш кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер