Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыныбай Турсунбеков, ЖК депутаты: “Гендердик квотаны киргизүү сунушу – саясат менен ойноо...”

Чыныбай Турсунбеков, ЖК депутаты: “Гендердик квотаны киргизүү сунушу – саясат менен ойноо...”

23-январь, 19:31
644 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөт курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталып, аны коомдук талкууга чыгарды. Саясый кызматтардын деӊгээлинде эркектердин саны аялдардан жети эсе жогору. Ошондуктан, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен өкмөттүн курамын бекитүү сунушталып жатат. Бирок, бул сунушту жактырбагандар бар. Депутат Чыныбай Турсунбеков гендердик квотаны саясатташтырбай, кесиптик деңгээлине карап кызматка алуу туура экендигин белгилейт. Ошондой эле ал шайлоого карата саясый жүрүштөрдөн азыноолак кеп салды.

-- Чыныбай Акунович, өкмөт курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталып, коомдук талкууга чыкты. Сиз муну колдойсузбу?

-- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ал маселени саясатташтырбаса деле, өзгөчө бир деңгээлде планкага алып чыкпаса деле, эркек-аялдын баары эле “жашообузду жакшырталы” деп чуркап иштеп жатышат. Эң башкысы, кандай гана маселе болбосун, профессионализм биринчи орунда туруш керек. Ишти жакшы билеби, ким экенине карабай жумушка алынып, ишти билбесе, ким экенине карабай жумуштан кетирилиши, же кабыл алынбашы керек. А тигил маселе, ишти биринчи планга коюу эмес, ал саясат менен ойноо дегенге жакындап жатат. 

-- КСДПдагы айрым депутаттар бийликтин партиясы делген “Биримдиктин” тизмесинде жүрүшөт. Бул нормалдуу көрүнүшпү?

-- Мен да ошону маалыматтардан окуп калып жатам. Кандай болсо да баарын убакыт көргөзөт. Саясатта баары болот. 

-- Сиз кайсы партиядан шайлоого барасыз?

-- Мени менен пикирлеш, бир багытта биргелешип иштей турган күчтөр менен барам. Азырынча конкреттүү айта албайм.


Динар ТУРДУГУЛОВА 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер