Эрнис Исабеков: “Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Өрнөк айылындагы 53 гектар жерди элге кайрып берүүңүздү суранабыз!”


Жарым жыл мурун Ысык-Көлдүн Өрнөк айылынын тургуну Эрнис Исабеков мырза биздин редакцияга келип, жер маселеси боюнча арыз-арманын айтып, андан ары ал жерге Эркин Мамбеталиевдин таасири болуп атканын кошумчалаган...
-- Эрнис мырза, сиз жашаган Өрнөк айылындагы 60тай гектар жердин тагдыры чечилдиби?
-- Бул маселе боюнча убагында башкы прокурор Курманкул Зулушевге, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылгам. Өз көзөмөлүнө аларын айтышкан. Азырынча оң жыйынтык чыга элек. Убакыт болсо өтүп атат. Ошончо жерди бир адамга бергенден көрө, айылыбыздагы эч бир жери жок жаштарга жер тилкеси катары бөлүп берсек болмок. Эң кызыгы, жерди ижарага алган Арстан Тазабеков ушу кезге чейин айыл өкмөттүн атайын Өрнөк айылынын жаштарына арналган 53 гектар жерин бүгүнкү күнгө чейин кайтарып бербей атат. А биздин жаштар жерлери жок жүрүшөт. Менин күйгөнүм ушу болуп атпайбы!
-- Кайтарып бербеген себеби эмнеде?
-- Угушума караганда, Арстанды калкалап аткан Эркин Мамбеталиев имиш. Ушу кишиге мыйзам иштебейби, билбейм. Ошондуктан элдин жери кайтарылбай атабы? Биз бул боюнча сиздердин гезит аркылуу УКМКнын башчысына кайрадан кайрылалы.
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич! Сизден Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылындагы 53 гектар жерди айыл элине кайтарып берүү жагын карап, тыкыр текшерип берүүңүздү суранабыз!











