Карыбай Турусбековго, Турсунбай Бакирге жана Асыкбек Оморовго каяша

“Айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулган» заман келдиби?..
“Жер саткан Акаев менен Мадумаров, кыргынга себепчи Отунбаева жана башка оппозициянын аксак-тескеги...” аттуу макаласында Искендер Зулкарнайндын (А.Македонский) суроосуна тоолук кыргыздар “байлык менен бийлик элине кызмат кылат” деп жооп бериптир” деп Карыбай Турусбеков өз элинин кеменгерлигин таасын белгилептир. “Экинчи суроо: “Биз ким болдук?”. Мунун жообун аягына калтырайын деп Улуу Британиянын тарыхчы, социолог-философу Арнольд Тойнбинин “дүйнөлүк цивилизациялардын келечек тагдыры жана жалпы эле адамзаттын бакубат жашоо турмушунун борбору айтылуу Париж же Лондондо эмес, куттуу Теңир-Тоонун этегинде жашаган көрөңгөсү күчтүү, акыл-эси терең, генетикалык коду таза жана адилеттүүлүктү туу туткан кең пейил, руханий дүйнөсү бийик элдин ичинде гана калыптанышы мүмкүн” деп айтыптыр” деп ар бир кыргыздын жүрөгүн толкунданткан сөздү мисал келтирет. ("Азия Ньюс", 10-ноябрь 2022-жыл).
“Анан эмне болдук?” деп суроо берип, "Ташиев менен Жапаров Кемпир-Абадды берип койду" деп кыйкыргандарга, оппозицияга жана түшүнбөгөн же түшүнгүсү келбегендерге суроо: "Кемпир-Абад качан Кыргызстанга карачу эле?” дейт Карыбай мырза. Ошону менен бирге ошол жерде туулуп-өскөн, ошол жердин кулуну экендигин баса белгилеп, “ал жерди убагында Кыргыз Эл Баатыры болгон Турдакун Усубалиев Өзбекстанга берип салган. 1960-жылдан бери бул жер эч качан Кыргызстанга караган эмес” деген Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулунун сөзүн күбөгө тартат. Айтып гана тим болбой, “бечара Турсунбай Бакир уулу бир жумадан бери жер тепкилеп, улуп-уңшуп, элдин ыркын бузуп, тынчын алып жаткан топ базар томаяк, саткынды көрпенделердин жаагын жап кылды” дейт ыраазычылыгын билдирип.
Эки тилде бирдей тең сүйлөгөн Карыбай мырза, сиз көбүнчө орусча сүйлөп жүрүп, "Кемпир-Абадды Т.Усубалиев Өзбекстанга берип салган" деп Турсунбай Бакир уулу айткан сөздүн маанисин түшүнбөй калдыңызбы же түшүнгүңүз келбей жатабы? "Берип салган" деген сөздүн артында “Өзбекстанга берилгенге чейин Кемпир-Абад Кыргызстанга тийешелүү, кыргыздын тарыхый жери болгон” деген түшүнүк айдан ачык болуп сайрап турбайбы. Анан дагы көңүл бурчу жагдай, кыргыз жери экинчи мамлекеттик макулдашуу шарты боюнча канча бир жылга убактылуу пайдаланууга берилди да. "Ме" деп баш-оту менен бере салгыдай Кемпир-Абад Т.Усубалиевдин үстүнө кийип жүргөн пальтосу эмес да? Жанагы "көрпенделер" “убактысы бүткөндөн кийин кыргыз жери Кыргызстанга берилсин” деген улуттук талапты коюп жатышат окшойт. Жогорудагыдай талаптан бийликтегилер кандай журт бузган, элдин ыркын кетирген жаманчылыкты көрүп жатышат? Далилдеп, ачык айтышпайбы, мен ушуга түшүнбөй жатам.
Карыбай мырза айтмакчы "көрпенделердин" жаагын Турсунбай Бакир уулу эмес, шашылыш камакка алып, бийликтегилер жаап жатышат. Дегеним, бул жерде кандайдыр шектүү бир нерсе бар. Бийлик эки тараптуу жер алмашуудан сырткары, Өзбекстан менен жең ичинен жашыруун соодалашкан жеке мүдөө орун алып жаткан жокпу?..
"Мени билесиңер, мен Алла Тааладан башка эч кимге кошомат кылган эмесмин" дейт Карыбай мырза. Макул, ошондой эле болсун. Анда Кемпир-Абаддын өз кулуну катары "көрпенделер" менен бийликтин пикири эмне үчүн келишпей жаткандыгынын себебин айтып бериңизчи? Маселенин ушул жагына келгенде, сиз өтө эпчилдик менен аттап кетип, ырк бузгандар менен Турсунбай Бакир уулунун ортосуна далдалчы болуп тура калып жатасыз, же калппы?
Турсунбай Бакир уулунун ким экенин билебиз да. Жогорку Кеңешке депутат болуп жүргөн жылдары кыргыз элинин келечегине пайдалуу бир дагы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, сунуш кылган жок. Тескерисинче, “Акүйгө мечит салалы, жума күндү демалыш кылалы” деген чала молдо эмес беле? Эми бүгүн учурдан пайдаланып, эл-жер үчүн күйгөн киши болуп, жер тепкилеп, улуп-уңшуйт имиш! Эгерде чыныгы нукура кыргыз жигити болсо, эмне үчүн А.Акаев Үзөңгү-Куушту Кытайга сатып жатканда жер тепкилеп, "эгерде жерди сатсаң, колуңа өлүп берем!" деп чыккынчы президентти алка-жакадан алган жок?!
Ал кезде депутаттык мандат менен жанын багып отурду да. Эми бүгүн жонундагы кой терисин алып таштап, эл-жер үчүн жылаңач баатыр болуп чыга келгенин кара! Экс-депутат, экс-министр дегендер – учурдан пайдаланган эки жүздүү кошоматчылар. Илгери кыргыздар мындайларды "күн тийген жердин чоросу" деп аташкан. Алар бир күндө эки жолу 180 градуска бурулуп турушат.
Карыбай мырза, сиз Искендер падышахка кыргыздар “байлык менен бийлик элине кызмат кылат. Бул биздин каада-салт, милдетибиз” деп жооп бергени жөнүндө жүрөктү сүйүнтүп, өз убагында абдан туура айттыңыз. “Анан эмне болду?” деп өзүңүз сурагандай, бүгүнкү күндө, башкача айтканда, XXI кылымдын 20-жылында байлык менен бийлик элге кызмат кылып атабы? Жок! Бүгүнкү күндө ар бир кыргыздын акыл-эсин, ички жандүйнөсүн, жүрөгүн материалдык байлык ээлеп, манчыркоо үстөмдүк кылып жетелеп алган. Ушунун кесепетинен кыргыздын улуттук сезими өчкөн. Жаш балдар кол телефондун “баңгиси” болуп калышты. Эгерде ушу бойдон кала беришсе, акыл-эси кем, көзү чала көргөн же көрбөгөн, дене-бой жагынан кирбийген, түртүп койсо жыгылып калган адам сымак немелер болуп калышат. Муну илимий-техникалык прогресстин жетишкендиги ушундай болорун ойлоп, эч кимдин жүрөгү ооруган жок. Келечек муунду таза сактоо ар бир ата-эненин жана мамлекеттин ыйык милдети болуш керек эле, аттиң!..
Эгерде бийлик элге кызмат кылып жаткан болсо, эмне үчүн байпакка чейин чет өлкөдөн сатып алып, балдарыбыз жайдыр-кыштыр бутуна жалаң резина кийип жүрүшөт?! Өзүңүз билгендей, колубузда үч алтын: Ош менен Жалал-Абаддын пахтасы, ак койдун уяң жүнү, төрт түлүк малдын териси бар. Акаев жок кылып кеткен жип ийрүү, токуу фабрикасын, булгаары заводун кеңири иштетип койсок, мигрант болуп чет өлкөдө жүргөн келин-кыздарыбыз өз жерибизде эмгектенип, өз жеринде бейпил жашабайт беле?! Бүгүнкү бийлик, башкача айтканда, министрлер кабинети тентип-тербип жүргөндөрдү чогултмак турсун, “мигранттар миллиарддаган акча которуп, бюджеттин бир капталын толтуруп жатат” деп сүйүнүп отурат.
Аттиң, эл-жердин тагдырын ойлогон бийлик болгондо, миллион тонналаган дапдаяр түстүү жана кара металлды Кытайга дайра кылып агызып жибербей (азыр да агып кетип жатат) өзүбүздө сактап, бир тууганыбыз япон менен түз байланыш жасап аракет кылганыбызда, керек болсо айыл чарба техникалары да өзүбүздөн чыгып турмак. Кайсы арманды айтып күйөбүз, төө кыядан өтүп кетти...
Эми Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун салууга патент алып алган Оморов Асыкбек өзү түзгөн долбоорун сунуш кылып, кайра өзү “мурун союз мезгилинде Кытайдын чыгыш тарабында Приморск крайы менен чектеш Кытай–Россия темир жолу Хасан–Краскино–Гвоздево–Приморский–Терехова–Уссурийск шаарына чейин жетип, кытайлар Россияга жайылып кеткен, биз дагы ошондой болуп калбайбызбы?” деп чийки май жегенсип, жүрөгү түпөйүл болуп отурат.
Мен айтып-жазып жатам, эгерде Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу ишке кирсе, поезддин биринчи эле каттамында миллиондогон кытай жарандары каптап кетип, кирбийген кыргыздар алардын арасынан көрүнбөй калат. Ооба, ошондой болот!
Биздин заманга чейинки 8 миң жыл мурун 40 уруунун башын бириктирип, Угус бий менен Угус хан атабыз түзүп кеткен, өзүнүн акылмандыгы менен илим-билимге, маданиятка, искусствого негиз салып кеткен (шумер, скиф) кыргыз мамлекети жер шары өз огунан чыгып кеткенге чейин жашай берет деп (Орозбек Айтымбетов жазып кеткен "Кара Кыргыз" тарыхы боюнча) байыркы кыргыз аталарым менен сыймыктанып, мактанып айтып жүрчү элем, эми бүгүн жогоркуларды карап отуруп, жер шарын кой, XXI кылымдын аягына чейин кыргыз кыргыз улуту боюнча калбайт го (!) деп Турсунбайча мен дагы жер тепкилеп, улуп-уңшуп ыйлап коём. Менин көз жашымды ким көрмөк эле? Улуп-уңшуган бойдон бул дүйнөдөн өтүп кетемби, оо арман!..
Айтмакчы, Карыбай мырза, сиз Орозбек Айтымбетов жазып кеткен беш томдон турган "Кара Кыргыз" тарыхын окудуңуз беле же окуй элексизби? Мен сиздин Кыргызстандагы Россиянын элчиси Удовиченкого жазган катыңызды окуп, “эки тилде тең бирдей сүйлөгөн илим-билимдүү кыргыз аксакалы бар турбайбы” деп ойлоп койдум эле. Деген менен сиз өңдүү адам менен пикирлешкенде, ичиңдеги бугуң чыгып жеңилдеп, жашоо кандайдыр сүйкүмдүү болуп калат экен.
Карыбай мырза, сизге урматым менен (өзүңүз жазып жүргөндөй) Мукан Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы
18-ноябрь 2022-жыл.
Р.S. Унута жаздаган турбаймынбы, “байлыкты миллиондоп жегендерди “кустуруп” жатабыз” дешкенинен, “айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулуптур” деген ата-бабабыздан калган ташка тамга баскандай таасын сөздү биринчи жазып койдум.
"Азия Ньюс" гезити