Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Эл байлыгы мамлекеттин колуна кайтарылганы эң туура”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Эл байлыгы мамлекеттин колуна кайтарылганы эң туура”

14-октябрь, 11:48
650 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен Абдырахманович, бир кезде менчиктештирилип, бүгүн болсо кайра мамлекетке кайтарылып жаткан мүлктөр боюнча оюңуз кандай?

-- Албетте, 30 жылда стратегиялык жактан маанилүү, экономикага киреше алып келе турган көп объектилер болбогон акчага менчиктештирилип кеткени баарыбызга белгилүү. Аларды бир ууч коррупционерлер, аткаминерлер алып коюшкан. Бүгүн эми аларды кайра мамлекеттик менчикке алганыбыз жакшы көрүнүш. Ал элдин байлыгы болчу. Эми кайра мамлекеттин колуна кайтарылганы – эң туура чечим деп эсептейм. 

-- Бүгүн мамлекеттин колуна кайтарылганы бир кезде таланып-тонолуп кеткен мүлктүн кичинекей эле бөлүгү да. Кандай дейсиз, алардын баары кайра кайтарылышы керекпи?

-- Албетте, бул жакшы башталыштын бири деп айтар элем. Эми анын аягына чыгып, болгон мүлктү, элдин ырыскысын толук кайтарыш керек. 

-Бул ички карама-каршылыкка алып келбейби?

-Жок. Өз эмгеги менен акыйкат алып иштетсе, анда башка маселе. Мисалы, пахта заводун килейген аянты менен алып, жумуш орундарын түзүп, көптөгөн кишилерге айлык төлөп атса, бирөө аларга жолтоо болот беле? Бирок, заводду алган соң бузуп-талкалап, соода борборуна айлантып алгандар да бар да. Жөн эле жатып алып, чачыратып саткандарды эмне дейбиз? Андайларды кайра кайтарыш керек.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер