Беш кемпир


Быйыл кыш катуу болду. Чилденин убагында иңирден кийин эле борошолоп жааган кар тоңуп, баскан сайын кычыр-кычыр деп кулактын кычуусун кандырат. Үйлөрдүн ортосундагы кардын күрөндүсүнөн алардын морлору гана көрүнөт. Мордон сызылып чыккан түтүн шашпай каалгып чыга, тоону карай созолонуп барып, жок болуп кетип жатты. Эшиктеги ит да суукка бүткөн бою калтырап, тумушугун чатына тыгып, өзүнөн жылуулук издегенсийт. Асмандагы карга да “Каа-ак!” деп үнүн зорго чыгара ак кардан дүпүйгөн бактын бутагына конуп, жүгөрү сактаган четин тарапты улам карап коет.
Сарай тараптан жаман чакага көң салып үйдү көздөй баскан Мистекан эшикти акырын ачып, тамак жасап жаткан кызынын шишимик тарткан жүзүн көрүп, бир нерсени сезгендей:
— Балам, өзүңдү жакшы сезип турасыңбы? — деди этият сурап.
Кызы күлүмсүрөп, акырын жооп берди:
— Ооба, апа, жакшымын. Кечээ кеч жаткам. Өйүздөгү Маадандын келини төрөп, ошого кичине кыйналып калгам го, - деп ишин улантты.
Апасын аяп чынын айткан жок. Айы жетип калган, жарым жылдан бери төшөктө кыймылдабай жаткан күйөөсүн карап, бир жагынан аялдарды дарылап, төрөтүп жүрүп чынында абдан чарчаган эле. Ошону шылтоолоп эс алганы келдим эле деп койду, болбосо өзү билет, толгоосу башталганын. “Эки уулуңду деле ала келбепсиң, чогуу тамак жеп, эс алат элеңер да,” – деп энеси жалооруй тиктеди. Ал да кызынын тагдырын ойлоп, сарсанаа болчу. “Келечеги кандай болот, таптатынакай күйөө балам бар эле, өң десең өң, кызмат десең кызмат, карабайсыңбы кырсыкты. Эми, кызым балдарын, бир жагынан күйөөсүн кантип багат болду экен?” - деп, көзүнөн жаш кылгыра кошуна аялдарга арманын айтып калчу. Мал жайлап жүргөн уулу да келип, чайга отурушту. Чай үстүндө өткөн-кеткенди сүйлөшүп, уйкуга баш урушту.
«Апаа-аа!» - деп кыйкырган жаш келиндин үнү кычыраган кыш чилдесинин да үрөйүн учуруп, алда кайда сиңип жоголду. Апасы кыйналган келиндин чекесинен чыбырчыктаган терин аарчый күйпөлөктөйт.
— “Олда кагылайын балам, ай!. Эртерээк айтсаң, камынып жолго чыгып, доктурга барбайт белек! Өзүң билесиң! Айылда сенден башка доктур жок экенин билип туруп, бул эмне кылганың?! - деп улам айланчыктап, көзүнө айланган жашын көргөзбөгөнгө тырышат, кызы менен кошо толгоо тартат.
Бир маалда наркы бөлмөдө уктап жаткан уулун ойгото:
— Тур! Тура гой, балам! Эжең чыматып калыптыр. Текен менен Алиманды чакыр! Тез келсин де! Бол эми! - деп уйкусураган баласын колунан тартты да, бурчтагы темир мешке көң калай кетти. Ичинен кудайга бир жалынып, кызына бир жалынып, оозун күбүрөтөт эне. Төрдө төшөктө жаткан кызы ээгин кесе тиштеп, жанынын кыйналганын апасына билгизгиси келбей чымырканат.
Арадан убакыт өтүп-өтпөй кошуна аялдардын кобуру угулуп, эшик “кыйч” ачылды. Сырттын суугунан каалга ачылганда үйдүн ичин буу каптап кетти. Аялдар келиндин ары-бери жагына өтө билген кеңештерин жобурап жатышты. Алиман 10 баланы төрөп өстүргөн, жүзүнөн мээрим төгүлгөн аял:
— Кана, жеңе, алып кел, шейшеп, биринчи теңдеп алалы! - деп толготкон келинди ордунун тургузуп, жайылган шейшептин үстүнө жаткырды: “Кана, төрт бурчун кармагыла! Тең-тең!” деп келинди көтөрүп ырымдашты.
Текен да көп балалуу, эгиз төрөгөн эмчи аял:
— Жеңе! Суу даярбы? Челекке толтуруп, мешке коё калыңыз! Жылуу суу керек болот”,-деп колундагы шейшепти бүктөп, жүктүн үстүнө койду. Апасы: “Каап, суу да аз калыптыр, жана уулум суу аз калыптыр десе, кеч болуп кетти, эртең эле алып келесиң деп койбодум беле! Анда кардан ээритейин деп камынып калды. Эшиктен кирип келе жаткан абысыны Ранда шашкалактап: “Кой жеңе кардын суусу болбойт, кечке маал Бейшен асты жактан ат менен эки челек суу апкелеген, ошону эле алдырталы”, - деп карабаластап калды.
Сырттан кобурашып кырдач мурун, узун бойлуу сулуучумак Эркайым менен толмочунун келген, көгүш көздөрү күлмүңдөгөн Бактыбү бир кап суукту ала киришти. Эркайым адатынча жылуу жылмайып:
— Эне болуу бактысы оңой эмес, бирок бактылуу күндөрүң али алдыда, кичине чымырканып кой, баары жакшы болот, - деп келиндин маңдайынан сылады.
Келген аялдардын бири мешке от жакса, экинчиси суу жылытып, башкалары келинди үймөлөктөй кеп-кеңештерин айтып, баарына даяр турушту.
Келин кыртышы сүйбөй турса да жылмая кетти. Кайрадан катуулап келген толгоо жанын кыйнап, ушул беш кемпирге жалына тиктеп, алардан айла күткөндөй колдорун бекем кысып коет.
Бир маалда Алиман:
-- Болгула! Убактысы келип калды! Мага шейшептен бергиле! Суу даярбы?! - деп, өз ишин билген доктурдай буйрук бере сүйлөдү.
— Ыңа-а-а!, - деп жаңырган наристенин үнү менен кошо аялдардын бири-бирин куттуктаган кубанычтуу үндөрү үйгө толо үштү.
Андан соң үйдүн ичине наристенин тунук үнү жаңырып чыкты. “Кырк жылкы!” - деп Алиман сүйүнчүлөй кетти.
Аялдар бири-бирин куттуктап, кубанычынан кимдир бирөө ыйлап да жиберди.
Апасы шашкалактап колундагысын түшүрүп жибере жаздап:
— Аксарбашыл! Кудайым, миң мертебе ырахмат! — деп алактай берди.
Бактыбү болсо адатынча күлдүрүп сүйлөп:
— Ай, жеңе, алактаганды коюп, жентек даярда! Карын майыңды ач! — деп күлүп алды.
Наристенин үнү үйдүн ичин кубанычка бөлөп, беш кемпир бири-бирин кучактап, куттуктап жатышканда, апасынын жүзүнө жылуу нур келип, колунда көкүрөгүнө бек кысылган кызыл эт кызды тигиле карады.
— Атын коелу… — деди акырын, толкунданып. — Ырыс кешиктүү болсун деп Ырысбү коелу.
Бул сөздү укканда үйдүн ичинде бир жагымдуу ырымдын деми жүрүп өткөндөй болду. Алиман апа шейшепти жыйнап жатып башын ийкеп койду:
— Ырысбү дейсиңби… Жакшы ат экен. Ырысың менен келдиң, чырагым.
Эркайым апанын чоң күмүш сөйкөсү термелте, ал да баланын атын бекемдегендей:
— Ырысбү болсо, ырыс-кешиги үзүлбөсүн. Атын айткан сайын жакшылык чакырып турсун, — деди.
Ал эми Бактыбү апа сүт чайдын буусу чыгып турган бастектин жанында туруп алып:
— Ырысбү деген бала үйгө ырыс алып келет. Тууганы менен эле беш кемпирдин жүзүн жылытты, — деп тамашалуу шыбырап, бетинен жылмаюу кетпеди.
Ошентип, ошол кыштын катаал түнүндө, беш кемпирдин мээриминин ортосунда, шамалдын ыргалында, үйдүн ичине биринчи үнүн салган ошол наристе Ырысбү аталып калды.
Ошол түнкү ызы-чуунун, беш кемпирдин мээриминин, кар басып, суукка чулганган айыл ичиндеги жылуулуктан жарыкка келген наристе — менмин.
Ошентип, таенемдин үйүндө төрөлүп, ошол үйдө эс тарттым, балалыгымдын эң бир сонун таттуу күндөрү ошол үйдө өттү.
Эс тарта баштаганымдан эле ошол беш кемпирдин үйү — мен үчүн төрү кең, очогу дайым күйүп турган бир чоң дүйнө болчу. Каалаган убакта кирип, каалаган нерсемди жеп кетчүмүн. Үйлөрүнүн ичи кайсыл бурчта эмне турганын да жатка билчүмүн: кайсы текчеде кайсы идиш, кайсы кутуда кандай таттуулар, кышка сактаган кайсы немелери бар — баары мага сыр эмес болчу.
Шаардагы балдары качан келерин, алар апаларына эмне алып келерин да кошо күтөт элем. Ал күндөрдө кемпирлердин жүзүндө башкача кубаныч ойнойт, мен болсо өзүмө эле тие турган белекти күтүп, алардын этегинен түшпөйт элем.
Жайлоого чыгып кеткенде да кошо жүрдүм. Алардын неберелери менен бирге гүл тердик, козу кайтардык, жыгылып-турдук, жылаңайлак чуркап жүрүп күндүн ысыгына күйдүк, кечинде оттун жытына толгон боз үйдө уктап, балалыктын эң бир сонун күндөрүн ошолор менен өткөрдүм.
Ар бир кемпирдин өзүнчө бир даамы, өзүнчө бир табы бар эле.
Текен апамдын баштыгында дайым даамы укмуш сүзмө боло турган. Баштыкты ачкан сайын жайлоонун жыты келе түшчү.
Алиман апам дандырга жапкан кыпкызыл, четтери кытырак, ичи жумшак нанды колуна бергенде эле үйдүн ичи буудайдын жытынан кызый түшчү. Анын неберелери менин бир тууганымдай сезиле берчү.
Ранда апамдын жайлоодогу камкаймагы… ага жеткен даам бар бекен дүйнөдө? Эки кашык жесең эле өңүңө кан жүгүрүп, курсагың кампая түшөт.
Бактыбү апам сүт чайды жай отко коюп, бапестеп демдечү. Анын сүт чайы башкача — өзү мээримдүү болгондонбу, айтор, даамдуу болчу.
Ал эми Эркайым апам… бир өзгөчө аял эле. Узун бойлуу, сулуучумак, дайыма жылмайып турчу, кулагындагы чоң күмүш сөйкөсү күнгө чагылса, алыстан эле аны тааныйсың. Анын жанында өзгөчө бир тынчтык сезилчү.
Ошентип, балалыгымдын эң таттуу, эң жарык, эч убакта өчпөс элестерин ушул беш кемпирдин мээрими сактап калды. Алардын үйү — менин биринчи дүйнөм, алардын даамы — алгачкы балалыгымдын жыты, алардын сөзү — алгачкы билимим болгон.
Жакын тууганыбыз Турайыс бакемдин мени менен жашташ эгиз кыздары болгондуктан, үйүнө көп барчумун. Ал киши мени көргөндө:
— Ии, келдиңби? Атерабак! - деп койчу.
Эч качан өз атымдан айтчу эмес. Ал киши абдан сүрдүү болгондуктан сурай алчу эмесмин, мени эмне үчүн антип атаганы сыр бойдон калган. Кыздарынан сурасам:
— Билбейбиз, — деп коюшчу.
Көп жыл өткөндөн кийин гана кайсыл бир маалда батынып сурап калдым:
— Байке, эмнеге мени Атерабак дейсиз?
Ал мени узак, ойлуу карап туруп:
— Анын окуусу деле жок, — деди акырын. — Сенин киндик энелериң ким экенин билесиңби? Жарык дүйнөгө келип, аман-эсен болгонуңа себепчи болгондор: Алиман, Эркайым, Текен, Ранда, Бактыбү. Ошол беш кемпирдин аттарынын баш тамгаларын кошуп, мен сени ошентип атап алгам, - деп, мыйыгынан жылмайып койду.
Рысбү Шаршенова











