Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров менен Рустам Тухватшиндин айырмасы эмнеде?

Акылбек Жапаров менен Рустам Тухватшиндин айырмасы эмнеде?

14-сентябрь, 19:23
1 541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Медицина – эң татаал илим тармактарынын бири. Алсак, политология, юристпруденция, экономика сыяктуу илим тармактарында плагиаттык, эпигончулук кадыресе эле көрүнүштөрдөн. Россиянын “Диссернет” антиплагиаттык уюму Акылбек Жапаровдун диссертациясы кайсы китептердин канчанчы бетинен көчүрүлгөнүнө чейин так көрсөтүп берген. Экс-министр Талантбек Батыралиев улуттук аттестациялык комиссия жарабаган диссертациялардын ээлерине диплом берип жатканын, ал эми коррупциялашкан диссертациялык кеңештерде плагиат диссертациялар корголуп жатканын негиздүү, аргументтүү айтып берди. 

Жакында болуп өткөн улуттук илимдер академиясына академиктерди, корреспондент-мүчөлөрдү шайлоодо И.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын профессору Рустам Тухватшин өтпөй калды. Р.Тухватшиндин бир артыкчылыгы – башка кесиптештерине караганда, ал аспиранттарды көп чыгарган экен. Р.Тухватшин 49 илимдин кандидатын, 10 илимдин докторун даярдаптыр, адистердин айтымында, илимий кадрларды даярдоо илимий наам алыш үчүн негизги критерий эмес экен. Эң негизгиси, илимий эмгектерге карап баа беришет тура. Р.Тухватшин 2001-жылы 5, 2002-жылы 6 илим кандидаттарын даярдоого жетишкен. Эми бул “пачкалап” конвейерде даярдалган диссертациялардын сапаты күмөн туудурбай койбойт. “Медицина тармагында илимий кадрларды даярдоо боюнча алдына эч кимди чыгарбай рекорд койгон илимий жетекчи бул ишти бизнеске айландырып алган эмеспи?” деген суроо өзүнөн өзү пайда болот. Узак жылдарды талап кылган изилдөөлөрдү, сыноо-эксперименттердин жыйынтыгын талап кылган медицина илимине ушундай ат үстүнөн мамиле жасоого болобу? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер