“Баткен ОИИБ начальниги Мурат Бороновдун кесипкөйлүгү мыкты, татыктуу генерал”

“Жакында Баткен ОИИБ начальниги Мурат Боронов генерал-майор чинин алды. Кооптуу чек ара аймагындагы жетекчинин даражасы көтөрүлгөнү туурабы?” деген собол салдык.
Таабалды Тиллебаев, ЖКнын VI чакырылыштагы депутаты, коомдук ишмер:
-- Мындай жакшы жөрөлгөнү колдойм. Себеби, эки мамлекеттин чектешкен Баткен ОИИБ башчысы болуп акыркы кырдаалдарда кызматтык кесипкөйлүгүн жогорку деңгээлде аткарды. ИИМ кызматкерлери, жетекчилиги баш болуп өлкөбүздүн ички жана тышкы коопсуздугу үчүн жан үрөп эрдиктерди көрсөтүштү. Ал учурда өзүм да ошол жерде жумуш менен болуп, Мурат Бороновдун кесипкөйлүгүнө “мыкты” деген баа бергем. Президент Садыр Нургожоевич жогорку чинди ыйгарганы абдан туура болду.
Артур Медетбеков, генерал, коомдук ишмер:
-- Чынын айтканда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын коопсуздугу Баткен облусунан башталат. Чек ара маселелери тынч, демаркация, делимитация же болбосо аныктоо, тактоолор тез арада бүтүп, ал жердеги элдин жашоо-тиричилиги оңолуп, чакан ишканалар курулуп, мамлекет тарабынан тийешелүү каражаттар бөлүнүп, жумшалып турса, Кыргызстандын туруктуулугуна оң тассирин тийгизет. Ошону менен бирге Баткенде кызмат өтөгөн укук коргоо органдары, чек арачылар, мамлекеттик кызматта иштеген адамдардын айлыктары да көтөрүлдү. Мындан сырткары, президенттин атайын жарлыгы менен Баткендин губернатору “генерал-губернатор” деген атайын тиркеме менен буйрук чыгарган. Ким губернатор болсо да ошол наамга шайкеш иштеген адамга ушундай наам берилет. Ошону менен катар Баткен чек арасындагы контрабандалык товарлар, кылмыштуулук, мыйзамсыз курал-жарак алып өтүү дагы учурда абдан катаал маселе болгондуктан, ага каршы күрөшүүдө Баткен облусунун ОИИБ жетекчиси Мурат Бороновго генерал наамын ыйгарганы абдан эле туура болду.
Карамат Орозова, ЖКнын V-VI чакырылыштагы депутаты, коомдук ишмер:
-- Баткен облусунун жетекчилери, анын ичинде милиция башчысы сөзсүз генерал болушу керек. Мен бул боюнча ЖКнын мурунку чакырылыштарында депутат болуп жүргөндө жогорку трибунадан далай ирет айтып, сунуш киргизген элем. Себеби, Баткен облусу Тажикстан менен чектеш турат. Ал жерде ар дайым жер, суу талаш болуп, кээде эки мамлекет ортосундагы чыр-чатакка айланган оор маселелер орун алууда. Мындайды болтурбоо жана коңшу мамлекет менен теңата сүйлөшүүгө өзүнүн жоопкерчилигиндеги генералдар гана бара алышы мүмкүн экендигин билебиз. Ошондон улам Баткен ОИИБ башчысы Мурат Бороновго генерал чинин бергенин туура эле көрөм. Жеке пикиримде, Мурат иним генералдык чинди жана жоопкерчиликти тегиз алып кетет деген ишенимдемин.
Абдыгул Чотбаев, генерал-полковник
-- Коңшу Тажикстан менен чектеш болгон Баткен облусунда 1999-жылдан бери ар дайым чыр-чатак маселеси болуп келет. Себептери баягы эле: жайыт, жер, суу. Жакында Баткен ОИИБ жетекчиси Мурат Бороновго генерал-майор чини ыйгарылганын абдан туура кабыл алдым. Татыктуу. Бул жерде эч бир маселе жаралбашы керек. Биринчиден, облустун жана ОИИБ жетекчисинин макамы, бедели жогорулады. Экинчиден, президент Садыр Жапаров облустун катаалдыгына, ал жерде жашаган элге, социалдык-экономикалык абалына кайдыгер эмес экенин баса көрсөттү. Эми облустун макамын жогорулатуу менен структуралык бөлүмдөрү, түзүлүш шарттары, маани-маңызы жогорулайт деп эсептейм.